Өкмөттөр аралык комиссия

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2008-жылдан тарта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө (өкмөттөр аралык комиссия) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын катчылыгынын милдетин аткарып келет.

Өкмөттөр аралык комиссия - бул эл аралык мамилелердин атайын форматы (өкмөттүк аянтча), ал Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууга, экономиканын бардык негизги тармактарын камтыган тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берет.

Өкмөттөр аралык комиссиялар бизнес-коомчулук менен мамлекеттин эл аралык деңгээлде өз ара натыйжалуу иштешүүсү үчүн түзүлгөн. Ар бир өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык мамилелерин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, кыргыз ишкерлерине чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууда көмөк көрсөтүү.

Өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындарында тараптар Кыргыз Республикасынын өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык байланыштарын өркүндөтүү боюнча актуалдуу сунуштарды жана маселелерди карашат, ошондой эле аларды чечүү жолдорун табышат.

Өкмөттөр аралык комиссиянын максаты – бизнес-коомчулугун эл аралык деңгээлде мамлекет тарабынан натыйжалуу колдоо. Кыргыз компаниясынын өкмөттөр аралык комиссиялар менен кызматташуусу тышкы рынокто өзүнө ишенимдүү жана жагымдуу өнөктөш катары таанылып, өз милдеттенмелерин мамлекеттин ыйгарым укугу менен бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. 

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу жана аткаруу бийлигинин органдарынын өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындарын даярдоо жана өткөрүү боюнча ишин координациялоо боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле Катчылык, Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы жана кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларын так чектөөсүн караган тиешелүү Жобо кабыл алынган.

Катчылыктын функциялары болуп Комиссиянын жыйынынын күн тартибин жана Протоколун түзүү, мамлекеттик органдардан жана бизнес-коомчулуктан келип түшкөн сунуштардын негизинде Комиссиянын курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун даярдоо, Комиссиянын Протоколунун аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өкмөттөр аралык комиссиялардын протоколдук чечимдеринин аткарылышы жөнүндө квартал сайын маалымдоо саналат.

Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндөгү жободо кийинки жыйынга даярдануу жана өткөрүү боюнча бардык уюштуруу чаралары каралган.

Тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгы


Тема боюнча жаңылыктар:Өкмөттөр аралык комиссия
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу