Борбордук-азия регионалдык экономикалык кызматташуу программасынын расмий өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү

Новости
20-Октябрь 2020-ж.
3626

 

2020-жылдын 20-октябрында “Борбордук-азия регионалдык экономикалык кызматташуу” (мындан ары БАРЭК) программасынын расмий өкүлдөрүнүн жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде болуп өттү.

Жыйынга БАРЭКке бардык мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты, алар: Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Жыйынга КР Экономика министрлигинин атынан министрдин орун басары С.М. Ахматов катышты.

Жыйындын күн тартибине ылайык КОВИД-19дан кийинки шартта регионалдык кызматташуу маселелери талкууланды, БАРЭК 2030 стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшүнө баа берүү жүргүзүлдү, 2030-жылга чейин туризм жаатында БАРЭК стратегиясынын долбоору жана 2030-жылга чейин БАРЭК гендердик стратегиясынын долбоору макулдашылды, ошондой эле 2020-жылдын 7-декабрында өтө турган 19-министрлер конференциясынын темалары жана түзүмү макулдашылды.

Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо сектору боюнча алдын ала изилдөөнүн жыйынтыктары жана БАРЭК 2030 программасынын жыйынтыктарынын түзүмүнүн долбоору каралды.

Толук маалымат https://www.carecprogram.org/events/SOM2020  шилтемесинде.

БАРЭК программасы экономикалык өсүшкө жетишүү жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн кызматташтык аркылуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн биргелешип иштеп жаткан 11 мүчө-мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүн белгилейт. БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн катарына Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү аркылуу транспорт, энергетика, соода саясаты жана соодага көмөк көрсөтүү региондук кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. БАРЭК программасынын алкагында Кыргыз Республикасынан координациялоочу орган болуп КР Экономика министрлиги саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу