Кыргызстан жана КЭР СУАР бул кызматташуу потенциалы жогору болгон аймактык жактан жакын жайгашкан региондор, - министр О. Панкратов

Новости
19-Апрель 2019-ж.

2019-жылдын 19-апрелинде, Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиянын алдындагы “Кыргызстан – КЭР СУАР” координациялык тобунун онунчу жыйыны болду.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төргасы Чжао Цин баштаган кытай делгациясы, ошондой эле “Кыргызстан – КЭР СУАР” координациялык тобунун онунчу жыйынынын катышуучулары менен саламдашты.

Кытай Эл Республикасы жана КЭР СУАР Кыргызстан үчүн негизги шарттар болуп стратегиялык соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири саналат, ошондой эле кубанычтуу белгилей кетчү нерсе, эки өлкөнүн элин узак достук тарыхы жана өз ара пайдалуу мамилелери бириктирет.

Координациялык топтун иши Кыргызстан жана КЭР СУАР ортосунда тыгыз экономикалык байланыштар бар, ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу соода өнөктөштүгү түзүлдү деп ишенимдүү айтууга болот. 

Жыл сайын Кыргызстан жана Кытай өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү ар кандай деңгээлде жүргүзүүдө. Атап айтканда, 2018-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун КЭРге болгон мамлекеттик визити жана 2018-жылдын октябрь айында КР Премьер-министри М. Абылгазиевдин Душанбе шаарындагы ШКУ ӨБК 17-жыйынында КЭР Мамлекеттик Кеңештин Премьери Ли Кэцян менен болгон жолугушуусу, РТ жана башка сапарлар бардык багыттар боюнча кызматташтыкты жандандырууга маанилүү түрткү болду. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын өкүлдөрү “Кытай-Евразия” ЭКСПО ар жылдык көргөзмөсүнүн ишине үзгүлтүксүз катышууда, ал эми өз кезегинде Кытай тарап жыл сайын “Ысык-Көл” эл аралык экономикалык форумга катышууда.

Аталган жолугушуулар, тараптардын аймактарында өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу тараптардын бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө умтулууларын тастыктады.

Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы кызматташтыктын форматы жана деңгээли жыл сайын эки тараптуу да, көп тараптуу да деңгээлде өнүгүп келе жаткан жогорку деңгээлге чыгып жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

КР Экономика министрлигинин башчысы, оң факторлордун бири болуп КЭР чек арасында Нарын облусунун жайгашкандыгы саналат, ал толугу менен эркин экономикалык зона “Нарын” ЭЭЗ деп аныкталгандыгын билдирди. Анын аймагында Бишкек-Нарын-Торугарт-Кашгар стратегиялык автомагистралы өтөт, ал чек ара аймагындагы сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Кытай тарапка “Нарын” ЭЭЗ аймагына Индустриалдык-соода-логистикалык комплекс (ИСЛК) куруу мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады, ал кыргыз-кытай чек арасында экспорттук индустрияны жайгаштырууда ири зона болот, анда комплекстүү инфраструктура менен жабдылат жана контролдук-өткөрүү пунктунун логистикалык системасы өнүгөт. ИСЛК Кыргызстандын аймактык бизнес борборунун, соода жана Азиянын логистикалык хабын орнотуу боюнча милдеттерди ишке ашырат, анда мындан ары өз продукциясын ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна чыгарат.

Албетте, эки тараптуу кызматташуунун абалына чагылдырылган маанилүү көрсөткүч соода болуп саналат. КЭР Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы товар жүгүртүүдө биринчи орунда турат.

КР товар жүгүртүүсүндөгү КЭР үлүшү 30 %, анын ичинен экспортто – 3,5 %, импортто – 39,6 % түзөт. 2014-2018-ж.ж. КР менен КЭР товар жүгүртүүсү 1,6 эсе, анын ичинен экспорт – 1,9 эсе жана импорт – 1,6 эсе көбөйгөн.

Ошондой эле министр, Кыргызстан айыл чарба продукциялары (эт, сүт азыктары, сырлар, жашылча-жемиштер, жаңгактар, бал, төө буурчак) секторлорунда жакшы потенциалга ээ жана жогорку сапаттагы экологиялык азык-түлүктөрдү Кытай рыногуна коюуга даяр экендигин маалымдады. Белгилүү болгондой, Кытай керектөөчүлөрүнүн сапаттуу тамак-ашка болгон суроо-талаптары өсүүдө. Ушуга байланыштуу аталган багытта кызматташуу эки тарап үчүн өз ара пайдалуу деп эсептейбиз. 

Мындан тышкары, өнөктөштүк экономикалык өз ара мамилелерди андан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн транспорттук байланышты өнүктүрүү зарыл. Ушул маселелерди чечүү өз ара соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн жакшы импульс болот. Белгилүү болгондой, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө тыгыз кызматташуу экономикалык тилкени жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн бирдиктүү соода-сатык өткөрүү тармактарын түзүү үчүн зарыл.

Тилекке каршы, кыргыз-кытай автожол пункттарында айыл чарба продукциясынын өтүшүн жөнөкөйлөштүргөн "жашыл коридор" долбоору күтүлгөн натыйжаларды бербей жатат. Биргелешкен күч-аракет жумшоо менен долбоор соода мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүү шарты болуп калат жана мындан ары күтүлүп жаткан натыйжаларды көрсөтөт.

Жыйынтыгында министр О. Панкратов, Тараптардын эксперттерине жемиштүү иши, өз ара түшүнүүсү, компромисстик жана өз ара алгылыктуу чечимдерди таба билгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Координациялык топтун мүчөлөрү жана эки тараптын эксперттери өткөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу мамилелердин бардык негизги маселелерин жана перспективаларын талкуулашты жана кол коюуга жыйынтыктоочу протоколду даярдашты деп ишеничин билдирди.

Сурамжылоо
Онлайн кайрылуу