Министрдин орун басары Д.Иманалиев Вьетнамдын Кыргыз Республикасындагы Элчиси менен болгон жолугушууда соода -экономикалык маселелерди талкуулады

Новости
13-Август 2021-ж.
4711

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Вьетнам Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань айым менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Д.Ш.Иманалиев Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы жөнүндө маалымат берди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу