Кыргызстан менен Азербайжандын Министрлер Кабинетинин 2024-2029-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду

Новости
25-Апрель 2024-ж.
557

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө, 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.

Программа Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы 2022-жылдын 20-апрелиндеги стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга негизделген стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган жана өзүнө кызматташтыктын артыкчылыктуу чөйрөлөрүн камтыйт. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте ар кандай багыттарда технологияларды жана инновацияларды алмашуу үчүн жагымдуу платформаны түзүүгө өбөлгө түзөт.

Программа кызматташтыкты активдештирүүгө, өз ара пайдалуу негизде экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соода жүргүзүүнү өстүрүүгө жана диверсификациялоого, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишинин алкагында инвестициялык жана илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия 1997-жылдын 23-апрелинде Баку шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен АР Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууга ылайык түзүлгөн. Бүгүнкү күндө өкмөт аралык комиссиянын 5 отуруму болуп өттү. Кыргыз бөлүгүн КР КМ төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Азербайжан бөлүгүн премьер-министрдин орун басары АР Али Жавад оглы Ахмедов жетектөөдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу