Министр Д.Амангелдиев: Азербайжан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча

Новости
25-Апрель 2024-ж.
703

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин 2-отурумунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, КР Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапарынын алкагында баяндама жасады.

Өз сөзүндө Д.Амангелдиев «учурда эң жогорку деңгээлде турган эки тараптуу тез өнүгүп жаткан мамилелер өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды куруу жана кеңейтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Бул шарттар биринчи кезекте мамлекет башчыларынын саясий эркинин аркасында түзүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар мамилелердин жогорку деңгээлине жана өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө, мунун аркасында биздин экономикалык потенциалыбыз жогорулап, бир катар биргелешкен демилгелер ишке ашууда», - деди министр.

Мындан тышкары, министр белгилегендей, биргелешкен жумушчу топтун алкагында Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын экономика министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана номенклатурасын кеңейтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Белгиленген жумушчу топтун ишинин алкагында орто мөөнөттүү негизде активдүү ишти камсыз кылуу үчүн 2029 – жылга чейин биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын толук программасы даярдалган, ал өзүнө бардык келечектүү багыттарды-товар жүгүртүүнү өстүрүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, финансы–банктык, маданий-гуманитардык жана экономиканын башка чөйрөлөрүн камтыйт.

Биздин өлкөлөр ортосундагы колдонуудагы мыйзамдык базаны, ошондой эле мурда белгиленген жаңы демилгелерди пайдаланып, “биз 2030-жылга чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлин 500 миллион долларга жакын камсыз кылууну максат кылып жатабыз. Биз Азербайжан рыногун жогорку сапаттагы айыл чарба азыктары (картошка, буурчак, жаңгак), макарон, айнек азыктары, электр лампалары жана башкалар менен камсыз кылууга даярбыз», - деп баса белгиледи КР ЭКМ башчысы.

Мындан тышкары, азыркы мамлекет башчыларынын төрагалыгы астында өткөн Мамлекеттер аралык кеңешме, ошондой эле вице-премьер-министрлерибиз төрагалык кылган эки тараптуу Өкмөттөр аралык комиссия сыяктуу учурдагы платформалардын алкагында кызматташууну бекемдөө жана натыйжалуу кеңейтүү үчүн бардык зарыл өбөлгөлөр түзүлдү.

Өз кезегибизде биз жана биздин кесиптештер экономикалык мамилелердин өнүгүү темпин камсыз кылууга жана жаңы жетишкендиктерди тез арада тартуулоого ниеттенип жатабыз, мунун натыйжасында эки өлкө жана биздин жарандар үчүн жемиштер жана пайдалар болот, деп белгиледи өз сөзүндө Д.Амангелдиев.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу