Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда кызматташуунун белгилүү бир базалык потенциалы иштелип чыкты

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
807

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам мырза 2023-жылдын 27-сентябрында ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгү үчүн жооптуу министрлеринин кеңешмесинин алкагында эки тараптуу жолугушууда баса белгилешти.


Тараптар кыргыз-пакистан мамилелеринин учурдагы абалын талкуулап, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясынын маанилүү ролун, ошондой эле эки өлкөнүн университеттеринин ортосундагы активдүү кызматташууну белгилешти.


Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты жана эки тарапты тең кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде фармацевтикалык продуктыларды өндүрүүдө биргелешкен ишканаларды түзүүдө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу