ШКУ өлкөлөрүнүн инвестиция жана соодасынын эл аралык көргөзмөсү башталды

Новости
15-Июнь 2023-ж.
1189

2023-жылдын 15-июнунда Циндао шаарында (Шандонг провинциясы, Кытай) ачылган ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык инвестиция жана соода көргөзмөсүнүн иши башталды, анын алкагында «Кыргызстан» улуттук көргөзмө павильону даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен сүт азыктарын, жашылча-жемиш консерваларын, компотторду, варенье балын чыгаруучу алты ата мекендик ишкана жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн бул көргөзмөгө катышууга көмөк көрсөтүштү.

Бул көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин вице-премьер-министри Эдил Байсалов катышып, павильондун жүрүшү менен жеке таанышып, ата мекендик продукциянын өкүлдөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды.

Иш-чара Кытайдын Эл аралык соода палатасы тарабынан Циндао элдик өкмөтү жана Шандун эл аралык соодасын өнүктүрүү боюнча Кытай комитети менен биргеликте уюштурулууда.

Бул көргөзмө 2023-жылдын 18-июнуна чейин уланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу