КР Экономика министрлигинин жана Хубей провинциясынын коммерция департаментинин башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Новости
18-Ноябрь 2019-ж.
3763

2019-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Хубей Провинциясынын коммерция Департаментинин директору Цинь Цзюнь мырза баштаган Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, учурдагы потенциалды, ошондой эле келечекте өнүктүрүүнү жана эки тараптуу соода-инвестициялык мамилелерди чыңдоону белгилешти. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө Тараптардын кызыгуулары баса белгиленди.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшаарын белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу