Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия ӨАК 21-жыйыны болду.

Новости
01-Март 2019-ж.
4781

2019-марттын 1-мартында Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 21-жыйыны болуп өттү.


Аталган жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгында жана кеңейтилген россия делегациясынын башында РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары - РФӨА башчысы Константин Чуйченконун катышуусунда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. 


Иш-чаранын жүрүшүндө, Тараптар энергетика, мунайгаз жана өнөр жай тармагында, агро өнөр жай комплекси, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо, маданият, туризм жана спорт, регион аралык кызматташуу жана миграция тармагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карашты.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жана КР аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн россиялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү дискуссия болду. Ушуну менен бирге, Тараптар эки тараптуу сооданы жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн жана РФ аймактарына экспортту ишке ашыруу үчүн ЕАЭБ бирдиктүү Реестрине кыргыз ишканаларын киргизүү боюнча улантыла турган иштерин карашты.


Жыйындын жыйынтыгында Тараптардын Комиссиясынын төрагалары КР вице-премьер-министри Ж. Разаков жана РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары - РФӨА башчысы Константин Чуйченко тарабынан Протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу