Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлду

Новости
20-Октябрь 2023-ж.
1519

2023-жылдын 19-20-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Иран Ислам Республикасынын Айыл чарба министри Мохаммад-Али Никбахттын төрагалыгы астында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны болуп өттү. 

Министр Д.Амангелдиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн атынан жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасындагы Биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйынынын ирандык бөлүгүнүн өкүлдөрүн, анын ичинде бизнес өкүлдөрүн, ошондой эле бүгүнкү жыйындын бардык катышуучуларын жана эксперттерин куттуктады.

Министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы достуктун жана кызматташтыктын узак тарыхына ээ. Бүгүнкү жолугушуу биздин мамилелерди бекемдөөгө жана жогорку деңгээлдеги жана эксперттик кызматташуунун деңгээлинде, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жардам берет.

Быйылкы жылдын маанилүү окуясы болуп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси мырза менен жолугушуусу саналат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү жана жогорку потенциалды белгилешти.

Экономикалык компонентке токтолуп, министр Иран Ислам Республикасынын ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кириши экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө жана өлкөлөр ортосундагы сооданы кеңейтүүдө маанилүү кадам болоорун айтты.

Мындан тышкары, Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө келишим бар, анда бажы төлөмдөрүн азайтуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча башка чараларды көрүү каралган. Бул үчүн кыргыз тарап Иран тарапты Кыргызстандын аймагында кыргыз-иран биргелешкен ишканаларын түзүү маселелерин биргелешип иштеп чыгууга чакырат. Өлкөлөр соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды, маданий жана илимий алмашууларды мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигине ишенем. Биз бул потенциалды ачуу жана өз ара пайда табуу үчүн биргелешип иштөөгө даярбыз», - деп баса белгиледи Д.Амангелдиев.

Министр ошондой эле транспорттук-логистикалык коридорлорду кеңейтүүнү жана чийки зат менен продукцияны сактоочу кампаларды түзүүнү белгиледи. Кыргыз тарап өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин практикалык ишке ашырууга даяр, бул соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирип, эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот. Инвестициялоо үчүн экономикалык ишмердүүлүктүн акыркы жылдардагы эң артыкчылыктуу түрлөрү болуп энергетика тармагы, ГЭСтерди, кайра жаралуучу электр станцияларын куруу, анын ичинде күн жана шамал электр станцияларын куруу саналат.

Ошондой эле, Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибине Тараптар макулдашылган чечимдерге келген эң актуалдуу маселелер камтылган.

Буга байланыштуу министр Тараптардын бардык эксперттерине жемиштүү иши, өз ара түшүнүшүү жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн компромисстик жана өз ара алгылыктуу чечимдерди таба билгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Тараптар экономика, соода жана инвестиция, эркин экономикалык зоналар, айыл чарба, бажы, энергетика, транспорт жана логистика. , илим, маданият жана туризм , экология, өнөр жай жана өндүрүш, халал индустриясы, ошондой эле аймактар аралык кызматташуунун негизги маселелерин камтыган Протоколго кол коюшту.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунун ичинен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жетектеген чарбакер субъекттер менен болгон мамилелерде капиталга катышуу жана башка финансылык инструменттерди колдонууда  тараптар аныктаган чөйрөлөрдөгү өзүн-өзү актоочу долбоорлорду кредиттерди жана зайымдарды берүү жолу менен каржылоо максатында Иран-кыргыз инвестициялык офисин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул биздин экономикалык интеграциябызды жана кызматташтыгыбызды дагы күчөтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу