Жолугушууда КР ЭКМ менен Пакистандын Энергетика министрлигинин жетекчилери кызматташуунун экономикалык күн тартибин талкуулашты

Новости
10-Ноябрь 2023-ж.
867

2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министри Мухаммад Али мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Министр Д.Амангелдиев Кыргызстан Пакистан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин баса белгилеп, эки мамлекеттин бизнес чөйрөлөрүнүн жана өкмөттөрүнүн ортосунда алгылыктуу диалог сакталып жатканын белгиледи.

Министр Мухаммед Али мырза эки өлкөнүн тең тарыхый байланыштары, маданий жана руханий баалуулуктары бар экенин, аларды экономикалык кызматташтыкка айландыруу керектигин айтты. Ал соода, энергетика жана жеке сектор чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын баса белгиледи.

Тараптар кызматташтыктын экономикалык күн тартибин талкуулашты жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын өсүү позитивдүү тенденциясы менен мүнөздөлөөрүн, ошондой эле андан ары диверсификациялоо жана кеңейтүү потенциалы бар экенин белгилешти. Тараптар түз авиакаттамдарды түзүү, транзиттик каттам боюнча жүк ташууларды жандандыруу жана ишкердик байланыштарды түзүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин оң белгилешти.

Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын олуттуу гидроэнергетикалык потенциалына ээ экендигин эске алып, «CASA-1000» аймактык долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, пакистандык тарап менен кызматташууга анын ичинде чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана модернизациялоого кызыкдарлыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттыкты сактоо, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар биргелешкен иш-чаралар кыргыз-пакистан кызматташтыгын чыңдоого жана кеңейтүүгө оң импульс берет деген ишенимин билдиришип, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны,  Кыргыз-пакистан бизнес форумуийгиликтүү өтөөрүнө ишеним артышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу