Француз инвесторлору Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго салым кошууга даяр

Новости
10-Апрель 2019-ж.
4301

2019-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Микаэл Ру жолукту.

Тараптар ушу жылдын 19-апрелинде боло турган Европа жана Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Мамлекеттик катчы Жан-Батист Лемуан мырзанын Кыргызстанга сапарын талкуулашты.

Элчи, Мамкатчы Лемуан мырза борбор-азиялык турнесин Кыргызстанга болгон сапары менен жыйынтыктарын билдирди. Мамкатчы экономика, эуризм жана эл аралык кызматташтык маселелерин тейлейт.

Министр КМШга катышкан өлкөлөр жана Кытай акыркы жылдары Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди Активдүү өнүктүрүп, негизги инвесторлор болуп саналарын билдирди. Буга байланыштуу, Кыргызстан Франция сыяктуу Европа өлкөсүнөн инвесторлордун келишине кубануу менен жооп бермекчи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу