КР ЭКМ башчысынын орун басары "Борбордук Азияда соода жана инвестиция аркылуу аймактык экономикалык кызматташууга көмөктөшүү"тегерек столуна катышты

Новости
07-Май 2024-ж.
751

КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Ташкент шаарында өткөн эл аралык инвестициялык форумдун алкагында "Борбор Азияга соода жана инвестиция аркылуу аймактык экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү" аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү.

Бул иш-чара Ислам Өнүктүрүү Банкынын тобунун мүчөсү, эл аралык Ислам соода каржылоо корпорациясы тарабынан сунушталган "Борбордук Азиянын соода байланышы+" программасынын (Программа) ишке киргизилишине арналды.

Жолугушууга тармактык министрликтердин жетекчилери, ошондой эле айрым эл аралык уюмдардын жана эл аралык финансы институттарынын башчылары катышып, аймактын ички соода жана инвестициялык потенциалын ачуунун жолдорун, өзгөчө программаны ишке киргизүү контекстинде талкуулашты. Бул Программа Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүн камтыйт.

Негизги максат-инклюзивдүү экономикалык өсүшкө, аймактык экономикалык кызматташтыкка жетишүү, Борбордук Азиядагы + Азербайжандагы ИКУ мүчө өлкөлөр менен калган дүйнө менен соода жана инвестицияларга көмөктөшүү.

Министрдин орун басары С. Болотов өз сөзүндө программанын негизги компоненттерине өзүнчө токтолду, мисалы, өндүрүштүн сапатын жана туруктуулугун жакшыртуу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу чек аралардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактык жана Дүйнөлүк рынокторду көбүрөөк өнүктүрүү үчүн бизнес-чөйрөнүн өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу, сооданы колдоо инстутиттери.

Жалпысынан с.Болотов Программанын ишке киргизилишин толугу менен колдоду жана ал Кыргызстандын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарын чагылдырарын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык келерин белгиледи.

Ошондой эле форумдун талааларында эл аралык соода каржылоо Ислам корпорациясынын башкы директору Хани Салим Сонбол мырза, ошондой эле Ислам Өнүктүрүү Банкынын тобунун башка өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анда Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Ислам соода каржылоо корпорациясынын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды жана ишти активдештирүү жана жакынкы арада кезектеги жолугушууну өткөрүү боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Мындан тышкары, форумдун талааларында министрдин орун басары С.Болотов түрк Инвестициялык фондунун президенти Б. Амреев менен жолугушуп, фонддун ишин уюштуруу жана түрк Инвестициялык фондунун жолугушуулары менен жыйындарын талкуулашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу