Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиев Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рефик Шабанович мырза менен жолукту

Новости
24-Июнь 2021-ж.
3561

2021-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Д.Ш.Иманалиев Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рефик Шабанович мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасынын учурдагы абалын, эки тараптуу кыргыз-хорватия соода кызматташтыгынын деңгээлин, ошондой эле соода жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Хорватия менен соода, инвестиция, туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары мырза Рефик Шабановичти Хорватиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Р.Шабанович мырза соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн биринчи кезекте укуктук негиздерди түзүү керектигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, элчи мырза, экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык макулдашууларды түзүүнү, ошондой эле кирешеге салыкка карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана салык төлөөдөн сактоонун алдын алууну сунуш кылды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө карата конструктивдүү мамилелер достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу