КР Экономика министрлигинин статс-катчысы менен Башкирия делегациясынын жолугушуусунда эки тараптуу товар жүгүртүүнү өнүктүрүү талкууланды

Новости
27-Ноябрь 2019-ж.
4190

2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде статс-катчы Айдин Шаршеевдин Башкортостан Республикасынын соода-экономикалык байланыштар боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Лиза Изотова, ошондой эле Башкириянын бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү баштаган Башкортостан Республикасынын, Россия Федерациясынын делегациясы менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун алкагында Тараптар эки тараптуу мамилелерди талкуулашты,

2019-жылдын 28-мартында РФ Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КР Өкмөтү менен БР Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган Макулдашууну ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти, эки тараптуу товар жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана Тараптардын бизнес-коомчулуктарынын өз ара аракеттешүүсүнүн учурдагы потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкир делегациясынын башчысы Л. Иванцова Кыргыз Республикасынан айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын, кургатылган жер-жемиштерди, кулпунайды жана төө буурчакты импорттоого, ошондой эле Башкортостан Республикасынан Кыргыз Республикасына курулуш жана өнөр жай продукцияларын экспорттоого башкир Тарап кызыкдар экендигин маалымдады.

Ошону менен бирге, төраганын орун басары Л. Иванцова транспорттук-логистикалык чыгымдарды компенсациялоо жолу менен бизнести колдоо жана ага көмөк көрсөтүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүштү жана экспортко багытталган продуктуларды сертификациялоо менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча жаңы программаны ишке киргизүү жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода потенциалы жөнүндө маалымат алмашууга, ошондой эле Тараптардын бизнесине эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу