2019-жыл
10570

2019-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү:  

2019-жылдын 1-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.П.Разаковдун жана Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары - Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси К.А. Чуйченконун төрагалыгы алдында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) жыйырма биринчи жыйыны болуп өттү.

Кыргыз-орус ӨАКомиссиясынын 21-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-декабрынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун негизинде түзүлгөн Экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-эмираттар биргелешкен Комиссиясынын 1-жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясын Комиссиянын Эмираттар бөлүгүнүн төрагасы - Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Султан Аль Мансури мырза жетектеди.

Кыргыз-эмират биргелешкен комиссиясынын 1-жыйынынын Протоколу (англис тилде).pdf

Кыргыз-эмират биргелешкен комиссиясынын 1-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).docx


2019-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан - СУАР КНР” Координациялык тобунун онунчу жыйыны болуп өттү. Координациялык топтун кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.Панкратов, Кытай бөлүгүн КЭР Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Чжао Цин жетектеген. Координациялык топтун жыйынында Координациялык топтун кыргыз жана кытай бөлүктөрүнүн мүчөлөрү катышты. Тараптар эки тараптуу мамилелерди илгерилетүүнү жана тереңдетүүнү улантууга, ар кандай тармактардагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө биргелешип көмөктөшүүгө макулдашышты.

Кыргыз-СУАР КЭР Координациялык тобунун онунчу жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын он төртүнчү жыйыны болуп өттү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Боронов Кубатбек Айылчиевич, Кытай комиссиясын Кытай Эл Республикасынын Соода министринин жардамчысы Рен Хунбин жетектеген. Комиссиянын ишине Комиссиянын кыргыз жана кытай бөлүктөрүнүн мүчөлөрү, министрликтер жана ведомстволордун жооптуу кызматкерлери, эки өлкөнүн ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилери катышты.

кыргыз-кытай ӨАкомиссиясынын он төртүнчү жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-жыйыны 2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында өттү. Кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.У.Маминдин төрагалыгы астында өттү. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 8-отурумунун күн тартиби боюнча макулдашышты.

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 16-сентябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кыргыз тарабынан жана Түркмөнстандын Өнөр жайчылардын жана Ишкерлер Союзунун төрагасы Александр Дадаевдин төрагалыгы астында, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын төртүнчү жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптардын өкүлдөрү соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Транспорт, маданият, маалымат жана туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатында, ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын аймактарынын ортосундагы кызматташтык маселелери белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиясынын төртүнчү жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 17-19-сентябрында Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууга ылайык түзүлгөн Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-кувейт комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Кувейт бөлүгүн - Кувейт Мамлекетинин Каржы министри, доктор Найф Фалах Аль Хажраф жетектеген. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

биргелешкен кыргыз-кувейт ӨАкомиссиясынын экинчи жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-венгрия биргелешкен комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич, венгер бөлүгүн - Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Венгриянын Маалымат жана эл аралык имидж боюнча Мамлекеттик катчысы Тамаш Мензер мырза жетектеди. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин карашты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган зарыл чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

кыргыз-венгрия биргелешкен ӨАкомиссиясынын биринчи жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 3-4-октябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында 2007-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык Кызматташтык жөнүндө Келишимге ылайык түзүлгөн Өкмөттөр аралык Кыргыз-Корей Экономикалык Кызматташтык Комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич, кореялык бөлүгүнүн төрагасы - Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин Корея Республикасынын экономикалык иштери боюнча орун басары Юн Канг Хен мырза болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу багыттарын, ошондой эле экономика, соода, инвестиция, каржы, өнөр жай, айыл чарба жана балык чарба, билим берүү, туризм, маалымат, маданият, эмгек миграциясын координациялоо, экология, каттоо, авиация жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү маселелери иштеп чыгышты жана талкуулашты.

Өкмөттөр аралык Кыргыз-Корей Экономикалык Кызматташтык Комиссиясынын үчүнчү жыйынынын Протоколу (расмий тилде).docx


2019-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары А.Еюбовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын 3-жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар мындан аркы соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жаатында жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиянын 3-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 17-18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Айлчиевич Бороновдун төрагалыгы астында Кыргыз-Сауд кызматташтык биргелешкен комитетинин 2-отуруму болуп өттү. Сауд Аравия тараптан Комитет Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман А. Альфадли мырза теңтөрагасы болду. Комитеттин отурумунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Падышачылыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу багыттарын, ошондой эле соода, айыл чарба, энергетика, билим берүү, илим, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият ж.б. тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү маселелерин иштеп чыгышты жана талкуулашты.

Кыргыз-Сауд кызматташтык биргелешкен комитетинин 2-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).docx


2019-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Саматович Бейшеновдун жана Монголия тарабынан Монголиянын Жол жана транспорт министри Энх-Амгалан мырза төрагалыгы астында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү отуруму болуп өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Тараптар соода жана инвестиция, каржы жана баалуу кагаздар рыногу, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, маданият, маалымат жана массалык коммуникация, билим берүү ж.б. тармактагы кызматташуу боюнча келишимдерге жетишишти.

кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 22-ноябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Боронов Кубатбек Айылчиевичтин Кыргыз тараптан жана Түркия тараптан Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октайдын төрагалыгы астында Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушуунун Протоколуна кол коюлуп, кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча 76 пунктту камтыган Иш-аракеттер планы кабыл алынды. Анын ичинде: соода жана инвестиция, өнөр жай жана технология, транспорт жана коммуникациялар, энергетика жана кен казуу, бажы, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, каржы, банк иштери, маданият жана туризм, спорт, билим берүү жана илим, эмгек жана социалдык камсыздоо, өзгөчө кырдаалдар.

биргелешкен Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2019-жылдын 3-4-декабрында Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Бейшенов Жанат Саматовичтин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отуруму болуп өттү. Иран делегациясын Иран Ислам Республикасынын Жолдор жана шаар куруу министри Мохаммад Ислами жетектеди. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Тараптар энергетика, транспорт, байланыш жана бажы, экономика, соода, инвестиция, өнөр жай, тоо-кен, айыл чарба, метеорология, инженердик-техникалык кызматтар, аймактар аралык кызматташтык, илим, маданият, медиа, спорт, экология, саламаттыкты сактоо, туризм, мыйзам базасын өнүктүрүү тармактардагы маселелерди талкуулашты.

Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу