2016-жыл
5408

2016-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2016-жылдын 14-15-мартында Тбилиси шаарында (Грузия) Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошевдин төрагалыгынын алдында Өкмөттөр аралык кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 1-отуруму өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын и Грузиянын ортосундагы эки тараптуу соода, экономика, инвестициялар, энергетика, айыл чарба, тоо кен өндүрүү, саламаттык сактоо, маданият, интеллектуалдык менчик, билим берүү, спорт, туризм ж.б. тармактарындагы кызматташууну активдештирүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

Кыргыз-грузин комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын 6-жыйыны өттү. Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын финансы министри А.Касымалиев жетектеген, Австрия делегациясын Австрия Республикасынын Илим, изилдөө жана экономика министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча директору Франц Вессиг жетектеген.Комиссия жолугушуунун жүрүшүндө, австриялык тарап Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын акырына карата коомдук-экономикалык өнүгүү, салымдардын климатты, ЕАЭКги Кыргыз Республикасынын мүчөлүгү боюнча таанышты. Тараптар энергетика, туризм, тоо-кен, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, бизнести каттоо, массалык байланыш, ж.б. чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашышты.

Кыргыз-австрия комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 10-12-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Кыргыз Комиссиясын Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш Министри З.Айдаров жетектеген, Иран Комиссиясын Иран жолдордун жана шаардык өнүгүү министри ИРИ Аббас Ахмад Ахунди жетектеген. Тараптар узак мөөнөттүү кызматташтык программасы, соода-сатыктык кызматташуу, салым, айыл чарба, техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана метрология, энергетика, транспорт жана байланыш, өнөр жай, тоо-кен жана инженердик-техникалык кызматтардын экспорту, банк жана камсыздандыруу, коомдук чөйрөлөрдө ж.б. маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-иран комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-швейцариялык Комиссиясынын 4-жыйыны өттү. Комиссиянын жыйыны Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Касымалиев жана соода макулдашуулары боюнча Федералдуу Кеӊешинин делегаты, экономикалык иштер боюнча Мамлекеттик Катчылыгынын эки тараптуу экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Посол Ливия Лое төрагалыгынын астында өттү. Тараптар экономикалык абал жана Швейцария менен Кыргыз Республикасынын келечеги, соода-сатыктык кызматташуу, соода-сатыктык кызматташуу,салым, банк чөйрөлөрүндө, салык, туризм, тоо-кен өнөр жайы, геология жана минералдык ресурстар, финанс, текшерүү, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук, коомдук өнүгүү боюнча маселелерди талкуулады.      

Кыргыз-швейцария комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоевдин жана  Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азыктүлүк министри Л.Заяцтин төрагалыгынын алдында кыргыз-белорус Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 6-жыйыны ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө  тараптар  төмөнкүлөр боюнча макулдашышты: Кыргызстанда кураштыруучу өндүрүштү түзүү боюнча ишти тездетүү, Кыргызстанга Беларусияда өндүрүлгөн мансап, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын жеткирүүнү улантуу, Кыргыз Республикасында эт жана сүт азыктарын өндүрүүчү, жүндү кайра иштетүүчү жана ошондой эле соода тармактарына айыл чарба продукциясын жеткирүү үчүн даярдоочу логистикалык борборду куруу боюнча жана Белорус соода үйүн ачуу маселелери.

Кыргыз-белорус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри О.Панкратовдун жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Е.Григориевдин төрагалыгынын алдында Биргелешкен кыргыз-санкт-петербург Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын 8-жыйыны ѳттү. Өкмѳттѳр аралык комиссиянын жыйынын жүрүшүндө энергетика, билим берүү, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, геология,  айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү, маданият жана туризм, айыл-чарба, өнөр жай жана башка кызматташуунун маселелери каралды.

Комиссиянын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 25-августунда Бишкек шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 2-жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.Кожошевдин жана Түркмөнстандын Өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин союзунун төрагасы А.Дадаевдин төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жыйынын жүрүшүндө Тараптар экономика, соода, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, айыл чарба, транспорт, маданият, туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерди кабыл алышты. 

Кыргыз-түркмөн комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2016-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-кореялык экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 2-жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.Кожошевдин жана Корея Республикасынын Экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ли Тэ Хо мырзанын төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жыйынын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерди кабыл алышты, бул: соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, Экономикалык өнүгүү боюнча кызматташуу фондунун (EDCF) алкагында өз ара аракеттешүү, Корея Республикасы менен ЕАЭБ ортосундагы эркин соода жөнүндөгү макулдашууну түзүү, геология, минералдык ресурстар, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, айыл чөйрөлөрүн өнүктүрүү, «Сэмаыль» сынамык кыштак долбоорлорун Кыргыз Республикасында илгерилетүү, саламаттык сактоо, экология, эмгек миграциясы ж.б.

Кыргыз-кореялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу