КР ЭКМ министринин орун басары К.Ж.Абдрахманов: Улуттук экономиканын учурдагы абалы

Новости
14-Ноябрь 2023-ж.
868

2023-жылдын 14-ноябрында КР экономика жана коммерция министрлигинде  министр Данияр Амангелдиев жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцердин төрагалыгы алдында кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын  3-жыйыны болуп, анда комиссиянын мүчөлөрү жана жыйындын мүчөлөрү   КР экономикасынын учурдагы абалы тууралуу маалымат алышты. 

Министрдин орун басары К.Абдрахманов белгилегендей, Геосаясий тирешүү, энергетикалык жана азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү, валютанын олку-солкулуктары биздин өлкөлөрдүн алдында экономикалык өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын табуу боюнча милдеттерди жана чакырыктарды коюуда.

Кыргыз Республикасы ачык экономика катары бул тышкы факторлордун таасири астында турат. Бирок өлкөнүн ички потенциалы экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы болуп ИДПнын өсүү темпин 7% түздү, ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу өсүү темпи 104,2%ды түздү.

Эгерде экономиканын түзүмү жөнүндө айта турган болсок, Кыргыз Республикасынын экономикасы тейлөө тармагы (2022-жылдын акырына карата ИДПга карата 49,1%), өнөр жай (ИДПга карата 16,6%), айыл чарба (ИДПга карата 12,1%) жана курулуш тармагы (ИДПга карата 7,4%).

Өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кризиске каршы чараларды көрүү, башкарууну реформалоо, өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, артыкчылыктуу өндүрүштөрдү, жашыл экономиканы, социалдык өнүктүрүү, санариптештирүү жана шаарларды модернизациялоо боюнча иштер жүрүүдө.

Министрдин орун басары жөргөзөлөп жаткан реформалардын айрым аспектилерин белгилеп өттү. Ошентип, салык жол-жоболорун санариптештирүү жана бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, иштин белгилүү бир багыттары үчүн артыкчылыктар бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан санариптик өнүгүү боюнча өзүнүн күн тартибин активдүү ишке ашырууда, ал экономиканын структурасын гана эмес, коомдун идеологиясын да өзгөртүп жатат. Бюрократиялык жана коррупциясыз мамлекетти куруу үчүн жаңы жалпы улуттук жогорку технологиялык ыкма колдонулууда.

Акыркы жылдары, электрондук коммерция сооданын маанилүү сегменти болуп калды. Кыргыз Республикасында электрондук коммерция чөйрөсүндө салыктын ставкасы электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдөн жана товарларды сатуудан түшкөн кирешенин 2%ын гана түзөт.

Учурда Жогорку технологиялар паркынын резиденттери КНС, сатуудан түшкөн салык жана киреше салыгын төлөөдөн бошотулган.

Учурда 325 ата-мекендик жана чет элдик компания эң жакшы шарттарда иштеп, продукциясынын 90% чет өлкөгө экспорттогон Парктын резиденти болуп калды.

Ошондой эле, биздин өлкөдө Креативдүү өнөр жай паркы үчүн салыктын төмөн ставкалары менен атайын салык режими түзүлүп, башка социалдык жеңилдиктер да каралган. Ошентип, киреше салыгы, КНС жана сатуу салыгынын ордуна резиденттер кирешеден квартал сайын 0,5%, 2023 жана 2024-жылдар үчүн жарактуу, 2025-2026-жылдар үчүн 1%, 2027-жылдан баштап 2% өлчөмүндө салык төлөшөт.

Кыргыз Республикасында ошондой эле чет өлкөлүк IT адистерди өлкөгө тартуу максатында чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Бул статустун ээси республикада жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, жеке идентификациялык номерди (ПИН) алат, иштөөгө уруксат алуудан бошотулат жана каттоосуз жеке ишкердик менен алектенүүгө жана банктык эсептерди ачууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү жана иштеп жатат. Ошондой эле ишке киргизүү стадиясында биргелешкен Кыргыз-Эмират холдинг компаниясы жана Түрк инвестициялык фонду турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан глобалдык дүйнө менен интеграцияланган жана технологияларды, инвестицияларды, квалификациялуу кадрларды тартуучу жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн акыркы жетишкендиктерин жигердүү иштеп чыгып, жайылткан динамикалуу өнүгүп жаткан инновациялык экосистема болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети санариптик трансформацияны камсыз кылуу, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жетишүү, дүйнөлүк рынокто бизнеске болгон суроо-талап боюнча иш алып барууда бул дүйнөлүк экономикада өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө мүмкүндүк берет,- деп сөзүнүн аягында К.Абдрахманов белгиледи.

Бул жыйындын алкагында  Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиянын 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча  Тараптар соода, экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, курчап турган чөйрө, фармацевтика, энергетика, билим берүү ж.б. кызматташуулар боюнча Протоколго кол коюшту. 

Комиссиянын кийинки жыйыны Будапешт шаарында өтмөкчү.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу