Красноярск шаарында “Өнүктүрүү долбоорлору-өсүүнүн энергиясы” экономикалык форуму өтөт

Новости
17-Февраль 2020-ж.
3568

Экономика министрлиги 2020-жылдын 19-21-марттарында Красноярск шаарында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 17 Красноярск “Өнүктүрүү долбоорлору - өсүүнүн энергиясы” экономикалык форуму өткөрүлөт.

Алдыда өтө турган форумдун күн тартибинин негизги болуп Сибирь жана Ангаро-Енисей макрорегионун ыкчам өнүктүрүүнү камсыздоо саналат.

Ошондой эле Енисей Сибири” комплекстүү инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин кароо пландаштырылууда, ал өзүнө наркы 31 млрд. АКШ долл. түзгөн 32 инвестициялык долбоорду камтыйт.

Форумдун алкагында россиялык бизнестин, бийликтин федералдык органдарынын, өнүктүрүү институттарынын жана коомдук бирикмелердин негизги өкүлдөрүн тартуу камсыз кылынат.

Дискуссиянын “Красноярск форматы” уюштурулат, ошондой эле маанилүү түзүүчү болуп форумдун алкагында Сибирдин региондорунун андан аркы өнүгүүсү, Ангаро-Енисей макрорегионунун региондор аралык инвестициялык долбоорлор боюнча демилгелерди алдыга жылдыруу эсептелет.

Форумдун программасы ишкердик, коммуникациялык, презентациялык, билим берүү, маданий-оюн-зоок жана спорттук программалардан турат.

Ошол эле учурда форум тарабынан Road Show өткөрүү каралган, анда масштабдуу федералдык долбоорлор көрсөтүлөт.

Форумду өткөрүү тууралуу кыйла кеңири маалымат менен форумдун www.krasnoforum.ru расмий сайтынан таанышууга болот. 

Каттоо мөөнөтү 15.03.2020 чейин.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу