Бишкекте кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин эксперттик жыйыны болуп өттү

Новости
12-Июль 2019-ж.
4141

2019-жылдын 10-11-июль күндөрү Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында, Бишкек ш. КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровдун жетекчилиги астында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин эксперттик жыйыны болуп өттү.

Тараптар эки тараптуу маселелердин бардык спектрин талкуулашты. Алардын көпчүлүгү өз ара түшүнүшүүгө келип, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен макулдашууларга жетишти. Айрым маселелердин чечүү жолдору белгиленди.

Тараптар кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 7-жыйынынын Протоколунун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты.

Өзгөчө көңүл экономика, соода, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана коммуникация тармагындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле аймактарда суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип жана сарамжалдуу пайдаланууга бурулду.

Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат, соода көлөмү боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында үчүнчү орунду ээлейт. 2018-жылы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 842,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2017-жылга салыштырганда 6,7% га көбөйдү.

Ошондой эле, Тараптар акча менен экспорт жана импорт боюнча ири айырма болбошу үчүн, өз ара соода салмактуулукту сунушташты. Мындан тышкары, кыргыз тарап казакстандык тараптан соодада болгон тоскоолдуктарды четтетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Экономикалык өз ара аракеттенүүнү уюштурууда маанилүү ролду биздин мамлекеттердин башчыларынын тапшырмасы боюнча түзүлгөн кыргыз-казак ишкерлер кеңеши ойнойт, анын багыты боюнча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Тараптар чек ара маселелерин, анын ичинде жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, чек ара пункттарындагы ишти жакшыртуу маселелерин карашты. Бардык маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечүү жолун табышты.

Сүйлөшүүлөрдүн айрым темасы интеграциялык процесстер болду. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Бүгүн 2019-жылдын 12-июлунда, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин пленардык жыйыны эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин жетекчили алдында өттү,  жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу