2018-жыл
6203

2018-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2018-жылдын 18-19-мартында Душанбе шаарында Өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 16-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Д.Кенекеевдин жана Таджикистан Республикасынын Премьер-министринин орун басары А.Иброхимдин төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Таджикистан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусунун абалы жана перспективалары тууралуу маселелер, жана ошондой эле өнөр жай, энергетика, суу ресурстарын комплекстүү колдонуу, транспорт, чек ара, билим берүү, илим, айлана чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо, маданият, туризм, жаштар саясаты, спорт, айыл чарба, бажы, миграция, укуктук-келишимдик база ж.б. тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланды. 

Кыргыз-таджик Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 30-мартында Москва шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 20-отуруму Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри С.Муканбетовдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Дворковичтин төрагалыгынын алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Тараптар төмөнкү тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча маселелер каралды: соода, инвестициялар, энергетика,   мунайгаз тармагы, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, билим берүү, илим, банк иши, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугу, миграция, байланыш, маалымат технологиялары, санариптик технологиялар, маданият, туризм, спорт, айлана чөйрөнү коргоо, техникалык жөнгө салуу, метрология, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, аймактар аралык кызматташуу ж.б. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-2021-жылдарына карата Экономикалык кызматташуу программасына кол коюлду.

Кыргыз-орус Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 2-3-апрелинде Пекин шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 13-жыйыны Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.Шадиевдин төрагалыгынын алдында ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды, бул: соода, инвестициялар, айыл чарба, транспорт, техникалык жөнгө салуу, билим берүү ж.б. 

Кыргыз-кытай Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 24-26 апрелинде Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-кувейт экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 1-жыйыны Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У. Кармышаковдун жана Кувейт Мамлекетинин Финансы министринин орун басары Халифа Хамада мырзанын төрагалыгынын алдында ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды, бул: экономика, финансы, соода, инвестициялар, энергетика, өнөр жай, маданият, туризм, спорт, илимий изилдөөлөр,  мультимедиа, социалдык камсыз кылуу, айлана чөйрөнү коргоо, өнүгүү ж.б. 

Кыргыз-кувейт Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 30-31-июлунда Ашхабад шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 3-жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.Панкратовдун жана Түркмөнстандын Өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин союзунун төрагасы А.Дадаевдин төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жыйынын жүрүшүндө Тараптар экономика, соода, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, айыл чарба, транспорт, маданият, туризм, жаштар саясаты, спорт жана келишимдик-укуктук база тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерди кабыл алышты. 

Кыргыз-түркмөн Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 7-отуруму Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин жана Казак Республикасынын Премьер-министри Б.Сагинтаевдин төрагалыгынын алдында ѳттү. Кеңештин жүрүшүндө экономика, соода, инвестициялар, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, маданият, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү, айлана чөйрөнү коргоо ж.б. тармактардагы кызматташуу маселелери каралды.

__________________

2018-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарында кыргыз-белорус Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 8-жыйыны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашевдин жана Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азык түлүк министри Л.Заяцтин төрагалыгынын алдында ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө  соода, экономика, айыл чарба, транспорт, курулуш, маданият,  маалымат, туризм, билим берүү, илим, айлана чөйрөнү коргоо, муниципалдык жана аймактар аралык денгээлде жана башка тармактардагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. 

Кыргыз-белорус Комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

__________________

2018-жылдын 15-16-ноябрында Нью-Дели шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-индиялык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча комиссиясынын сегизинчи жыйыны КР Саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаевдин жана Индия Республикасынын Соода жана өнөр жай министри Суреш П.Прабху төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташууну төмөнкү чөйрөлөрдө мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты, бул соода, инвестициялар, айыл чарба, саламаттык сактоо, фармацевтика, маалымат технологиялар, электрондук өкмөт, экологиялык жана техникалык коопсуздук, маданият, маалымат, туризм, текстиль өнөр-жай, ишкердик, банк иши, эмгек, социалдык өнүктүрүү,  тоо кен өндүрүү, стандартташтыруу, метрология жана сертификация ж.б.  

Кыргыз-индиялык комиссиясынын протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу