КР ЭКМ министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана өнөр жай, соода министрлигинин башчылары видеоконференция форматында жыйын өткөрүштү

Новости
28-Февраль 2024-ж.
848

2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовдун ортосунда  Тараптардын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында онлайн жолугушуусу болуп өттү. 

2024-жылга пландаштырылган жогорку деңгээлдеги бир катар визиттерди даярдоонун алкагында Тараптар Өзбекстан Республиканын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Биргелешкен практикалык аракеттер планын (Жол картасы) ишке ашыруу боюнча пункттарды карашты. 

Жыйынтыктап айтканда, Тараптар 2024-жылы пландаштырылган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу максатында эксперттик деңгээлде да, министрликтердин жетекчилигинин деңгээлинде да үзгүлтүксүз негизде жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу