Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык алака активдешүүдө

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
810

2023-жылдын 27-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин 22-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстан Республикасынын инвестиция, өнөр жай жана соода министринин орун басары Бадриддин Абидовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда министр Д.Амангелдиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык өз ара аракеттенүү активдешип жатканына, анын динамикасынын тереңдетүү жана кеңейтүү потенциалынын жогору экендигине токтолду. Министрдин айтымында, эки республиканын ортосундагы кызматташтыкты оңдуу өнүктүрүүгө импульстар эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жана соода-экономикалык өнөктөштүктү жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүү боюнча жумушчу топтун отурумдарында, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана өз ара мамлекеттик жана расмий сапарларда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аянтчалар түзүлүп жатат.


Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Б.Абидов Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн ачылган перспективаларга оң баасын берди. . Мындан тышкары, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлеринин Кеңешинин кыргыз тараптын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленди.


Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык чөйрөдө тыгыз кызматташтыктын позитивдүү динамикасын түзүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу