Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтүүдө

Новости
10-Ноябрь 2023-ж.
704

2023-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтүүдө.

Комиссиянын пакистандык бөлүгүнө Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Мухаммед Али мырза башчылык кылды.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.

Тараптар кеңири чөйрөдө мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

Тактап айтканда, бизнес-форумдарды, туристтик роуд-шоуларды, ошондой эле Пакистанда кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук продукцияларынын адистештирилген көргөзмөсүн өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Тараптар соода, айыл чарба, туризм, стандартташтыруу жана метрология, билим берүү тармактарында келишимдерге жана меморандумдарга кол коюуга даярдык көрүү аркылуу эки тараптуу эл аралык укуктук базаны өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү макулдашты.

Тармактык кызматташуу маселелерин илгерилетүү максатында Тараптар өнөр жай, соода жана инвестиция, айыл чарба, геология жана саламаттыкты сактоо боюнча биргелешкен жумушчу топторду түзүшөт.

Ошондой эле инвестиция, транспорт, экология, өзгөчө кырдаалдар,  билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу