Туризм индустриясынын келечеги боюнча КР жана РФ мамлекеттик органдардын ортосунда андан ары иштөө үчүн тараптардын сунуштары менен протокол түзүлдү

Новости
13-Октябрь 2023-ж.
1538

2023-жылдын 11-октябрында Жалал - Абад облусунун Жалал – Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “Кыргызстан жана Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти “Туризм индустриясын жаңы реалдуулукта өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу  панелдик сессияны уюштурду.

Панелдик сессиянын максаты Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы туризм боюнча кызматташтыкты чыңдоо, россиялык туристтерди тартуу, Кыргыз Республикасынын туризм потенциалын кеңири жайылтуу болуп саналат.

Панелдик сессияда кыргыз тараптан КР туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун вице-президенти Б. Дыйканбаев, Дестинациялар ассоциациясынын мүчосу А. Кулуева, КР туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун Baitik Mountin Resort долбоорунун менеджери К. Рысалиев, Жалал-Абад дестинация долбоорунун менеджери А. Ахматжанов, Кыргызстандын медициналык туризм ассоциациясынын президенти, коомдук саламаттык сактоо магистри А. Б. Аланов, Альпин дом туристтик компаниясынын директору А. Акматов катышты.

Россия делегациясынан РФ Пенза облусунун маданият жана туризм министри С. Бычков, "Синергия" корпорациясынын долбоордук кеңсесинин жетекчиси И. Васильев, корпоративдик маданият жана шыктууларды онуктуруу боюнча The Carlton компаниясынын директору С. Клячкова, АНО Рускачество компаниясынын жетекчисинин орун басары Ю. Михалёва катышты.

Панелдик сессиянын жүрүшүндө тараптар өз ара туристтик агымдардын көлөмүн арттыруу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү жаатында инструменттерди киргизүү жана колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөр, чет өлкөлүк коноктор жана туризм боюнча эксперттер, жергиликтүү тургундар жана башка кызыкдар тараптар катышышты.

Панелдик сессиянын жыйынтыгы боюнча туризм боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда андан ары иштөө үчүн тараптардын сунуштары менен протокол түзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу