Кыргыз Республикасынын Экономика министринин Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси менен жолугушуусу

Новости
09-Декабрь 2020-ж.
3238

2020-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетовдун Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолукту.

Министр С. Муканбетов Экономика министрлиги Катар Мамлекети менен кызматташууну мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы статусун, аларды кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Экономика министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар кандай багыттагы колдоосу үчүн Катар Мамлекетинин Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулады.

Катар тарап Кыргыз Республикасынан Катар Мамлекетине айыл чарба продукциясын импорттоого жана Халал индустриясындагы өз ара аракеттенүүгө жогорку кызыгуусун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти Мырза министр С.Муканбетовго жолугушууну өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде, кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн ролу маанилүү экендигин белгиледи, анткени эки мамлекеттин ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн чоң потенциал бар.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу