Кыргызстан менен Чехия ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну координациялоо боюнча Биргелешкен жумушчу топтун протоколуна кол коюлду

Новости
09-Апрель 2019-ж.
5479

2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Чехия Республикасынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну координациялоо боюнча Биргелешкен жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйын КР тарабынан КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровдун жана Чехия тарабынан Өнөр жай жана соода министринин орун басары Александр Рудышаровдун төрагалыгында өттү.

Аталган жыйындын жыйынтыгында Биргелешкен жумушчу топ жөнүндө Протоколго жана Жобого кол коюлду.

Тараптар жогоруда аталган иш-чаралардын ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешти жана кыргыз-чех мамилелеринин мындан ары жемиштүү өнүгөөрүнө үмүт артаарын билдиришти.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасына Чехия Республикасынын Өнөр жай жана соода министри Марта Новакова айым баштаган Чехия делегациясы жумушчу иш сапары менен келген.

Аталган сапардын алкагында кыргыз-чех бизнес форуму өтүп, ал ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана ЧР Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы тууралуу презентация өткөрүлдү жана ошондой эле форумдун катышуучуларынын баяндамалары угулду.

Форумдун ачылышында КР Экономика министри Олег Панкратов жана ЧР КР атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Рудолфь Гилк мырза тарабынан Кирешеге жана капиталга кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлду.

Ошондой эле, КР Экономика министри Олег Панкратов жана ЧР Өнөр жай жана соода министри Марта Новакова айым тарабынан КР Экономика министрлиги менен ЧР Өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу