Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолукту

Новости
03-Май 2021-ж.
3207

2021-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде КР вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаковдун БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков Озонниа Ожиело мырзага Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндөгү жардамы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй куралдуу чыр-чатакты башынан өткөрүп, анын натыйжасында кыргыз-тажик чек арасында адам курмандыктары жана жабыркагандар болгондугун, 16 миңден ашуун адам эвакуациялангандыгын, он чакты айыл жабыркап, үйлөр жана башка объектилер күйүп кеткендигин маалымдады. Буга байланыштуу Өкмөттүн алдында аймакты эрте калыбына келтирүү милдети турат. Райондун суу-энергетикалык, жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу, чек ара аймактары менен калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси бар.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы У.Т.Кармышаков белгилегендей “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган, ал өзгөчө инвестициялык жана салыктык режимди, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн өзгөчө режимин жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режимди камтыйт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүү программасын кабыл алуу пландаштырылууда.

Буга байланыштуу Вице-премьер-министр өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы бул кырдаалда абдан маанилүү экенин белгиледи жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды каржылоо үчүн учурдагы долбоорлорду багыттоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу үчүн өнөктөштөрдүн Координациялык кеңештин аянтында карап чыгуу өтүнүчүн билдирди. 

БУУ системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело каза болгондордун жана жаракат алгандардын жакындарына көңүл айтты. Озонниа Ожиело мырза өз сөзүндө Баткен облусунда келтирилген зыянга экспресс-баалоо жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Экспресс-баалоонун жыйынтыгы боюнча регионду калыбына келтирүү боюнча планды иштеп чыгуу мүмкүн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепеттерин жоюу боюнча жигердүү кызматташууну макулдашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу