Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана Кыргыз Республикасынын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунда турат

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
903

2023-жылдын 27-сентябрында Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлеринин 22-жыйынынын алкагында министр Данияр Амангелдиев менен Кытай Элдик Республикасынын соода министринин орун басары  Лин Цзи мырзанынт эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.


Министр Д.Амангелдиев акыркы мезгилде жогорку деңгээлде, өкмөттөр аралык деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу өз ара иш сапарлар жана иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, ошондой эле кыргыз тарап оң баа берип жатканын белгиледи. өз ара сапарлардын жыйынтыктарын жана эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да кеңири чөйрөлөрдө өнүгө берерине ишеним артты.


Жолугушууда Д.Амангелдиев Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү экенин жана Кыргыз Республикасынын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунда турарын белгиледи.


Ал ишке ашырылып жаткан эки тараптуу гранттык жардам долбоорлору Кыргыз Республикасы үчүн чоң социалдык мааниге ээ экендигин баса белгилеп, кыргыз тарап кызматташууну, анын ичинде гранттык долбоорлорду илгерилетүү аркылуу мындан ары активдештирүүнү жактай турганын билдирди.


Кытай Эл Республикасынын соода министринин орун басары Лин Цзи мырза чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердүүлүгүнө жооптуу ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин Кеңешинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.


Лин Цзи мырза Кытай тарап Эркеч-Тамдын жол өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн, «Чүйдү айланып өтүүчү каналды (АЧК-2) куруу» долбоорун жана күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелерди кароого даяр экендигин билдирди.


Тараптар ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү уланып жатканын баса белгилешти, бул өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн жана экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн анын потенциалын ырастайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу