КР экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев 1 миллиард юан берүү жөнүндө КЭР менен макулдашууга кол койду

Новости
31-Декабрь 2021-ж.
2078


Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, 2021-жылдын 31-декабрында КР экономика жана коммерция министрлигинде КЭР Өкмөтүнүн акысыз жардам берүү жөнүндө эки макулдашууга кол коюу салтанаты өттү.


Биринчи макулдашуунун алкагында 350 млн. юань, экинчи макулдашуунун алкагында 650 млн. юань бөлүп берүү каралган. Ошентип, эки макулдашуудан бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 млрд. юанды түзөт.


Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Тараптар ортосунда мурда сүйлөшүлгөндөй социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор каржыланат.


Бул макулдашууга кыргыз тараптан – министр Данияр Амангелдиев, кытай тараптан  -Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук укуктуу элчиси Ду Дэвэнь кол коюшту.


Жолугушуунун жүрүшүндө министр Д. Амангелдиев Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын негизги негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи. Министр ошондой эле азыркы учурда КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстанда бир катар долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп өттү.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министр Ду Дэвэнь айымды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн КР экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу