Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы келечеги жөнүндө

Новости
16-Июнь 2023-ж.
1340

16-июнда Циндао шаарында (Шандонг провинциясы, Кытай) ШКУнун жеткирүү чынжырчасынын форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Биринчи эл аралык энергетика форумуна катышты.

Форумдун алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин соода өкүлү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы келечеги тууралуу презентация жасады.

Тактап айтканда, ал ШКУнун пилоттук аймагынын, Шаньдун порт корпорациясынын жана Кытайдын Чет өлкөлөрдөгү ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрүнө мындай маанилүү окуяга – Циндао шаарында өткөн Биринчи Эл аралык энергетикалык форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан Борбордук Азиянын өзөгү жана Жибек Жолунун Экономикалык алкагынын маанилүү транспорттук түйүндөрүнүн бири: өлкө түндүгүндө Казакстан, батышында Өзбекстан жана Тажикстан, чыгышында Кытай менен чектешет.

Кыргызстандын аймагынын 95% тоо массасы түзөт, ошондуктан өлкө суу ресурстарына бай. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жылына 15 миллиард кВт/саат ГЭС өндүрүлөт, бирок бул өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалынын 1/10 бөлүгүн гана түзөт. Ресурстарды жана технологияны эффективдүү пайдалануу аркылуу жылына 142 миллиард киловатт-саат ГЭСти иштеп чыгууга болот.

Кытай Кыргызстан үчүн маанилүү соода өнөктөшү жана энергетикалык продуктылардын эң ири керектөөчүсү. Кытай менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды натыйжалуу илгерилетүү үчүн Кыргызстан кепилдик жана маалымат аянтчасы, ошондой эле финансы, эсептешүү, бажы жана логистика боюнча оперативдүү чечим боло турган Эл аралык энергетикалык соода борборун түзүүнү зарыл деп эсептейт, - деп баса белгиледи Ж.Торомаматов.

Ал ошондой эле кытай тараптын өкүлдөрүн жана башка форумдун катышуучуларын Кыргызстандын энергетика тармагын инвестициялоого чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу