КР Түрк мамлекеттер уюмунун Инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдойт

Новости
09-Август 2022-ж.
1484

2022-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Багдад Амреев мырза менен жолугушту.

Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы ТМУ Инвестициялык Фондду түзүү демилгесин колдойт, бул ТМУ мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жаңы импульс берери шексиз.

Министр Д.Амангелдиев ТМУнун Инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча ТМУ Катчылыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер сезилерлик натыйжаларды берип, тараптар бүгүнкү күндө бардык актуалдуу/талаштуу маселелер боюнча жалпы пикирге келет деген ишенимин билдирди. 

Б.Амреев мырзка министр Д.Амангелдиевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана бул маселени ТМУнун бардык катышуучу-өлкөлөрүнүн активдүү изилдеп жатканы жөнүндө айтып, ТМУнун кийинки отурумдарында бул маселени илгерилетүү боюнча чаралар көрүлөт деген пикирин баса белгиледи. 

Тараптар Фондду түзүүнүн фундаменталдык максаттары достук жана бир туугандык мамилелерди чыңдоо, узак убакыттан бери калыптанып, сакталып келе жаткан соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү экенин белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу