Экономика министрлигинде Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 14-эксперттик жыйыны болуп өттү

Новости
29-Май 2019-ж.
4106

2019-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровдун төрагалыгында Тараптардын эксперттеринин жана адистеринин катышуусу менен Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын он төртүнчү эксперттик жыйыны болду.

Жыйындын алкагында Тараптар акыркы он үчүнчү жыйындын протоколун ишке ашыруунун жыйынтыктарын баса белгилешти, ошондой эле соода жана инвестиция, айыл чарба, өнөр жай, билим берүү жана илим, маданият жана искусство, почта алмашуу тармактарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын шаарларынын мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптардын эксперттери тарабынан позициялар иштелип чыкты, алар мындан ары Өкмөттөр аралык комиссиянын пленардык жыйынында талкууланмакчы.

Пленардык жыйындын жыйынтыгында Тараптардын төрагалары тарабынан Кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйынынын жыйынтыктоочу протоколуна кол коюлду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу