Экономика министрлигинин башчысы жана Ирандын элчиси соода-экономикалык кызматташуу боюнча ӨАК 12-жыйынын даярдоону талкуулашты

Новости
22-Ноябрь 2019-ж.
3985

2019-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министри Санжар Муканбетовдун жана Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен жолугушуусу болду.

С.Муканбетов белгилегендей, КР Экономика министрлиги соода, инвестициялар, ишкердик сыяктуу жааттарда Иран менен өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө чоң маани берет.

Тараптар аталган жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылдын 2-4-декабрларында Тегеран шаарында (ИРИ) өтүүчү биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынын өткөрүүгө даярдыктын учурдагы статусун талкуулашты. 

Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Тараптар соода, туризм, билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты алга жылдыруу боюнча келишимдерге жетишишти.

Ошол эле мезгилде элчи мырза Иран Ислам Республикасынын Экономика министринин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин дарегине экономика маселелерин тейлеген эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосундагы байланыштарды түзүү, ошондой эле Иран бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлору менен таанышуусу үчүн ӨАК өткөрүүнүн жүрүшүндө жолугушууга чакыргандыгын айтты.

Жолугушуунун катышуучулары Тараптардын эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө карата конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берерине ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу