Германия Федеративдик Республикасынын Экономика жана Энергетика Федералдык Министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы Экономика жаатындагы башкаруучу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну улантуу жөнүндө ниеттер жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюу аземи

Новости
02-Октябрь 2020-ж.
4161

2020-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Германия Федеративдик Республикасынын Экономика жана энергетика Федералдык Министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы Экономика жаатындагы башкаруучу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну улантуу жөнүндө ниеттер жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюу аземи болуп өттү. Билдирүүгө Экономика министрлигинин атынан статс-катчы Айдин өмүралиевия Шаршеев, ГФРнын Экономика жана энергетика министрлигинин атынан - ГФРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Моника Иверсен кол коюшту. Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты, ал экономика чөйрөсүндө жетектөөчү кадрлардын квалификациясын жогорулатуу программасынын координатору болуп саналат.

Аталган Программа “Fit for Partnership with Germany” ГФРдин Экономика жана энергетика Федералдык министрлгинин жетектөөчү кадрларынын квалификациясын жогорулатуунун дүйнөлүк Программасынын ажырагыс бөлүгү саналат.

Тараптар Программанын алкагында 2007-жылдан 2019-жылдын аягына чейин Германиянын Федеративдик Республикасынын бюджетинен каржыланган 255тен ашуун кыргыз башкаруучулары Германиянын ишканаларында стажировкадан өткөндүгүн белгилешти.

Германия тарап Программаны ишке ашырууну өз мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылоону улантууга жана келечекте эки тараптуу экономикалык мамилелерге жигердүү жардам көрсөтүү ниетин билдирди.

2018-жылдагы стажировканын жыйынтыгы боюнча - 20 кыргыз ишкери катышкан, аталган программанын алкагында Германия Федеративдик Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 2,8 миллион еврону түздү.

Төмөндө башкаруу кадрларын даярдоо программасынын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн үлгүлөрү тизмеси:

2016-ж. Программанын бүтүрүүчүсү Орумбаев Мырзабек, Бишкек ш. “Тойбосс” ЖЧКнын Башкы директору, колбаса азыктарын өндүрүүчү - өз кооперациясынын алкагында “BASTRA” компаниясынын германиялык жабдууларын (ыштоочу меш) сатып алган жана ушу кезге чейин германиялык компаниялар менен жабдууларды сатып алууда кызматташууну улантууда. Компания жөнүндө маалымат сайтта. 

2018-ж. Программанын бүтүрүүчүсү Тилек Токтогазиев, Бишкек ш. “Жашыл чарба” ЖЧКнынБашкы директору. Компания Программа аяктагандан кийин Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы “Осрам” компаниясынын расмий дилери болуп калды, бул компания энергияны үнөмдөөчү лампалардын ири өндүрүүчүсү болуп саналат. “Осрам” 2018-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында “Күнөскана тармагындагы инновациялар” эл аралык форумун өткөрүүдө өнөктөш катары катышкан. Осрам чакыруу менен 2018-ж. жана 2019-жылдары Чикагодо жана Амстердамда өткөн эки “PhotoX Summit” саммитине катышкан.

2018-ж. Программанын бүтүрүүчүсү Мирзахид Сабитов, “Алайку Органикс” ЖЧКнын башкы директору, Кыргызстандын түштүгүндөгү сүт продуктуларынан Кыргыз улуттук суусундуктарын өндүрүүчү. М.Сабитов өзүнүн кооперативдик долбоорунун алкагында Германиядагы фермалардын жана сыр сүт заводдорунун тажрыйбасын үйрөнгөн жана натыйжада:

Дат баспас болоттон жасалган резервуарларды өндүрүүчү цех ачкан;

Балды кайра иштетип жана аны андан ары таңгактоону баштаган;

Муздаткыч, мөмө-жемиштерди кыш жана жаз мезгилинде сактоо жана сатуу кызматы киргизилген.

Эл аралык стандарттарга жооп берген өндүрүштү орнотуу жаатында немис адисинен кеңеш алган.

Мындан тышкары, компания сүт продукциясын өндүрүү үчүн жабдууларды тандоо жана сатып алуу боюнча “Agralis” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Германиядагы “InterSolar” көргөзмөсүнө баргандан кийин күн коллекторлорун сатып алуу боюнча бир нече компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

2018-ж. Программанын бүтүрүүчүсү Бурул Кудайбергенова, Бишкек ш. “Asian Med Trade” ЖЧК фармацевттик компаниянын маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси - Германиядагы 5ке жакын компаниянын эксклюзивдүү дистрибьютору болду.


Долбоордун алкагында, учурдагы өнөктөштөрү Novatex Gmbh, Merz Pharma GmbH менен медициналык өнүмдөрдүн портфелин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп, алар ийгиликтүү кызматташып жатышат.

2018-ж. Программанын бүтүрүүчүсү Сергей Коршунов, “Куликовский” КҮнүн логистика бөлүмүнүн башчысы, кондитердик азыктарды өндүрүүчү. Программанын натыйжасында, компания таттууларды өндүрүү үчүн немис шоколады, бадам жана марципан пастасын импорттой баштады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу