Кыргызстан жана Россия экономикалык ведомстволорунун башчылары ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан жана келечектеги долбоорлорду карашты

Новости
28-Март 2019-ж.
5621

Бүгүн, 2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында Кыргыз-Россия аймактар аралык 8-конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратовдун жана Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкиндин төрагалыгында региондордун жана эки өлкөнүн компанияларынын жетекчилери менен таңкы тамактануу болду.



КР Экономика министри О. Панкратов, РФ Экономикалык өнүктүрүү министри баштаган Россия делегациясын жана бүгүнкү таңкы тамактануунун катышуучуларына жакшы маанай каалады жана ал Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясынын тегерек столдорунун жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча бардык маселелердин позитивдүү чечилишине жана ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташууну бекемдөөгө жана эки өлкөнүн облустары жана субъекттеринин ортосундагы аймактар аралык түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтөөрүн айтты.


КР Экономика министрлигинин башчысы Конференциянын биринчи иш күнүнө жана аталган жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Бул иш-чаранын катышуучулары ири иштерди жүргүзүштү жана ЕАЭБ алкагында интеграциялык потенциалды ишке ашыруу, ЕАЭБ санариптик күн тартип боюнча кызматташуу, Тараптардын транспорттук-логистикалык потенциалын эсепке алуу менен агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн инвестициялык жана финансылык кызматташуу механизмдерин өнүктүрүү сыяктуу башкы маселелерди талкуулашты.


Ошондой эле, бүгүнкү жолугушуу, өз ара соода-экономикалык кызматташуунун келечегин жана багытын дагы бир жолу талкуулоого, катышуучулардын жана жолугушуунун конокторунун баяндамалары жана сүйлөгөн сөздөрү менен таанышууга, ошондой эле эң маанилүү аймактар аралык макулдашууну жана биздин аймактардын ортосундагы, ошондой эле экономиканын ар түрдүү жаатарындагы бизнес-коомчулуктун ортосунда келишим түзүүгө ишеничтүү кырдаалда мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө соода тармактары аркылуу айыл чарба продукцияларын жеткирүү; санариптик экономика чөйрөсүндө кызматташуу; күн модулдары үчүн монокристаллдык пластиндери жеткирүү; Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши; бажы инфраструктурасын модернизациялоо; автомомилдик жүк ташууларга көз салуу; коопсуз шаар жөнүндө бир катар маселелер каралды. 


Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөттөр аралык макулдашууларга; инвестициялык макулдашууларга, ошондой эле меморандумдарага эки тараптуу кол коюу аземи болду. Атап айтканда төмөнкүлөргө кол колду:

Кол коюлуучу макулдашуу


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Башкортостан Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданият жаатындагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри  Панкратов Олег Михайлович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Башкортостан Республикасынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Хабиров Радий Фаритович 


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Коми Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-маданияттык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри  Панкратов Олег Михайлович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Коми Республикасынын башчысы Гапликов Сергей Анатольевич


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри  Панкратов Олег Михайлович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Свердлов облусунун губернатору Куйвашев Евгений Владимирович


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри  Панкратов Олег Михайлович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Тюмень облусунун губернатору Моор Александр Викторович


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Евразия Өнүктүрүү банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Экономика министри  Панкратов Олег Михайлович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Турукташтыруу жана өнүктүрүү Евразия фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директорунун орун басарынын м.а. Широков Андрей Германович


Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана  “РосАгроМаркет” ЖЧК ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

Нурбек Мурпазылжанович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

 “РосАгроМаркентинг-Холдинг” ЖЧК Башкармасынын төрагасы Ванчугов Алексей Олегович


Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Евразия Өнүктүрүү Банкы жана “ВЭБ-Инжиниринг” ЖЧК ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

“ВЭБ-Инжиниринг” ЖЧК Башкы директору Калугин Олег Юрьевич


“Дордой Ассоциациясы” жана “РосАгроМаркет” ЖЧК ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан:

“Дордой Ассоциациясынын” Президенти Салымбеков Аскар Мааткабылович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

 “РосАгроМаркет” ЖЧК Баркармасынын төрагасы Ванчугов Алексей Олегович


Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Россия түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбекович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Россия түз инвестициялар фондунун башкы директору Дмитриев Кирилл Александрович


Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Транском” Мамлекеттик ишканасынын жана Евразия Өнүктүрүү Банкынын, “РУСПРОМ” АК ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум 

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Транском” Мамлекеттик ишканасынын директору Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

 “Руспром АК башкаруучу директору 

үчүнчү тарапатан: 

Евразия Өнүктүрүү Банк Башкармасынын төрагасы Бельянинов Андрей Юрьевич


 “Эл аралык “Манас” Аэропорту” ААК жана Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕАӨБ) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

“Эл аралык “Манас” Аэропорту” ААК Башкармасынын төрагасы Акматов Нурлан Орозбаевич

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Евразия Өнүктүрүү Банк Башкармасынын төрагасы Бельянинов Андрей Юрьевич


“ЭКОЛОС-ПРОЕКТСТРОЙ” ЖЧК (Россия Федерациясы) жана “Авторемонтный завод” ААК (Кыргыз Республикасы) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында саркынды жана ичүүчү сууларды тазалоо үчүн жабдууларды өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жана завод куруу жөнүндө Меморандум 

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

Авторемонтный завод” ААК директору Атаканов Алмазбек Кадырович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Директорлор кеңешинин төрагасы Стапанов Антон Сергеевич


“Альфа Телеком” ЖАК, “Кыргызтелеком” ААК” жана “Строникс” АК ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

“Альфа Телеком” ЖАК Башкы директору Жамангулов Акылбек Жекшенович,

Кыргызтелеком” ААК Башкармасынын төрагасы Асылбеков Атай Ибраимбекович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Ситроникс” АК Президенти- Марухин Алексей Валерьевич


Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнөр жай секторунда Базальт кластер долбоорунун катышуучулары-тараптардын ортосундагы Меморандум 

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбекович

КЫРГЫЗКОМПОЗИТ ЖЧК башкы директору Ибаков М. Т.

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Базальт индустриясын өнүктүрүү кеңешинин Президенти Никитан Андрей Владиславович


“Газпром Кыргызстан” ЖЧК жана “Челябинский трубопрокатный завод” компаниясынын (ПАО “ЧТПЗ” жана “ПНТЗ” АК) топторунун ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

“Газпром Кыргызстан” ЖЧК башкы директорунун орун басары Гребенюк Александр Анатольевич

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Челябинский трубопрокатный завод” ПАО башкы директору Коваленков Борис Геннадьевич


“РСК БАНК” ААК жана Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕАӨБ), Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү, кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандум

Кол коюучулар:

кыргыз тараптан: 

“РСК БАНК” ААК Башкармасынын төрагасы Оморкулов Азизбек Пазылбекович

Кол коюучулар:

россия тараптан:

Евразия Өнүктүрүү Банк Башкармасынын төрагасы Бельянинов Андрей Юрьевич 

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Асрандиев Эркин Шамшудинович

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу