Кыргызстан менен Иран өлкөлөр ортосундагы потенциалды ырааттуу ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин белгилешти

Новости
28-Сентябрь 2023-ж.
1100

2023-жылдын 27-сентябрында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министринин орун басары Реза Мохиашами Поурдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. 


Министр Иран Ислам Республикасынын ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун алышы эки тарапка тең кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негиз болот деген ишенимин билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы болгон потенциалды ырааттуу ишке ашырууга өз ара кызыкчылыкты белгилешти жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, соода-экономикалык,   илимий-техникалык кызматташтыктехникалык жана маданий кызматташтык, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын перспективаларынын негизги багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. 


Эки өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду каржылоого багытталган Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого ар тараптуу көмөк көрсөтүү, ошондой эле биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу