Министрдин орун басары С.Болотовдун Кытайдын Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушуусу

Новости
03-Февраль 2024-ж.
1205

2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Санжар Болотов менен Кытай Эл Республикасынын  Шэньси провинциясынын элдик екметунун тышкы иштер канцеляриясынын начальнигинин орун басары Цзи Вэнькуй мырза жетектеген делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Министрдин орун басары С.Болотов куттуктоо сөзүндө акыркы мезгилде жогорку деңгээлде да, өкмөттөр аралык деңгээлде да, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу да өз ара иш сапарлар жана иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын эки өлкөсүнүн ортосундагы туристтик агымды арттыруу максатында Кытай жарандары үчүн визалык режим жеңилдетилгендигин баса белгиледи.

Тараптар соода, инвестиция, туризм жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Соода-экономикалык тармакта байланыш түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактары менен КЭР провинцияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн жогорку өсүү тенденциясын баса белгилешти. Ошондой эле түз авиакаттамдарды жана ишкер байланыштарды өнүктүрүүдө эки тараптуу кызматташтыктын жетишкендиктерин оң белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу