КР Экономика министри жана Ирандын элчиси соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты

Новости
02-Июнь 2020-ж.
4084

2020-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази мырза менен жолукту.

Министр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Иран менен соода, инвестиция, ишкердүүлүк жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө көп маани берерин белгиледи.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө министр С. Муканбетов Харази мырзаны Кыргыз Республикасындагы Ирандын элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри пандемияга каршы биргелешкен күч-аракеттерди белгилеп, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан тез арада чыгууга болгон үмүтүн билдирди. Ошондой эле, ИИР эркин соодалашуу аймагы жөнүндө ЕАЭБ менен макулдашуу тараптардын ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бере тургандыгын билдирди.

Иран элчиси С. Харази мырза өз кезегинде ирандык компаниялардын курулуш жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга, курулуш материалдарын жеткирүүгө жана логистика жана банктар аралык транзакция маселелерин чечүүгө даяр экендигин белгиледи.

Ошол эле учурда министр С. Муканбетов эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатында Иранга бартердик жол менен экспорттоону сунуш кылды. Экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында элчи С. Харази мырза менен соода, курулуш ж.б. жаатындагы эл аралык кызматташууну илгерилетүү жөнүндө макулдашылды.

Ошол эле учурда Иран элчиси Кыргыз Республикасына инвестиция тартууга кызыкдар экендигин, ошондой эле Ирандын бизнес чөйрөсүн Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактары менен тааныштырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жыйынтыгында, жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүдө тараптардын конструктивдүү мамилелери достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген бардык негизги багыттарда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу