Кыргыз-кытай кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана биримдиктин сапаттуу жаңы деңгээлине чыгууда

Новости
30-Май 2019-ж.
7807

Бул туурасында 2019-жылдын 29-майында Бишкек шаарында, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын он төртүнчү пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров маалымдады.

Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, кытай комиссиясын – Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Жэнь Хунбинь жетектеди.

КР Экономика министрлигинин, Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн Катчылыгынын атынан министрдин орун басары Э. Алишеров, эки өлкө үчүн маанилүү иш-чарага катышкандыгы үчүн Кытай тараптын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана мындан ары жемиштүү кызматташуу жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы механизмдерин бекемдөө ниетин билдирди 

Кытай Эл Республикасы алдыңкы дүйнөлүк державалардын бири болуп саналуу менен бирге Кыргызстан үчүн көптөгөн жылдар бою негизги стратегиялык өнөктөш болуп кала берүүдө. Кыргызстан менен Кытай достук жана боордоштук салттуу түйүндөрдү байланыштырып келет.

Э. Алишеров комссиянын кезектеги жыйыны соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өз ара өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызмат кылат жана эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.

Бүгүнкү жыйын КЭР төрагасы Си Циньпинян мырзанын КРга Мамлекеттик визит менен алдында өттү.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн экономикалык мамилелерди узак мөөнөттүү өнүктүрүү максатында, КЭР Төрагасынын расмий визитинин алкагында КР Экономика министрлиги жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жөнүндө Меморандумга кол коюу пландаштырылууда. 

Эки тараптуу соода түзүмүн кеңейтүү жана оптималдаштыруу боюнча ишти улантуу зарыл. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо боюнча КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда бир нече протоколдорго кол коюлду. Кыргызстан протоколдордун маалыматтарынын негизинде Кытайга алча жеткире баштаган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынан Кытайга чочконун этин, буудай унун, майда мүйүздүү малдын этин, майда малдын субпродуктуларын, балды, майсыз сүтүн Кытайга экспорттоо боюнча протоколдорго кол коюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, кытай тарапка аталган документтерди кароону, макулдашууну жана кол коюуну тездетүүсүн өтүнүп кайрылабыз.

Кыргызстан жогорку технологиядагы, компакттуу жана экологиялык таза жаңы типтеги өнөр жайга муктаж. Ушуга байланыштуу министрдин орун басары Э. Алишеров Кытай тарапты Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы бажы-логистикалык комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу