Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин КРга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында КР Экономика министрлигинин линиясы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Новости
17-Июнь 2019-ж.
4359

2019-жылдын 14-июнунда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

КР Экономика министри Санжар Муканбетов, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгон жолугуушусуна катышты. 

Иш сапардын алкагында Кыргыз-Индиялык бизнес-форум болуп өттү, ал эки мамлекеттин башчылары тарабынан ачылган. Бул форум Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү окуя болуп саналат.

“Кыргызстан-Индия: туруктуу жана инклюзивдик өнүгүү үчүн өнөктөштүк” дискуссиялык сессиясынын модератору катары министрдин орун басары Эльдар Алишеров форумга катышты, ошондой эле “Ишкердик соода жана байланыш: мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр” темада баяндама менен чыгып сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин линиясы боюнча Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

- КР менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим;

- Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жакынкы келечектеги жол картасы; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеден салык төлөөдөн четтөөнү алдын алуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол

- КР ЭМ жана Индиянын соода жана өнөр жай министрлигинин ортосундагы мыйзамдык метрология боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу