Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча келишимге кол коюлду

Новости
09-Июнь 2023-ж.
1456

2023-жылдын 9-июнунда Астанада өткөн Эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагындагы өнөр жай-соода логистикалык комплекс (мындан ары - Макулдашуу, ӨСЛК).  ишмердүүлүгүн түзүү жана жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

Кыргыз Республикасы тарабынан Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстан Республикасы тарабынан вице-премьер-министр – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин кол койду.

2022-жылдын 29-апрелинде өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жана мамлекет башчыларынын өз ара сапарларынын жыйынтыгында жаңы өнөр жай-логистикалык комплекстерди түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

ӨСЛК долбоору эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунда өз ара сооданы жана эки тараптуу долбоорлорду көбөйтүү үчүн жаңы өсүү чекити катары каралат.

Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ӨСЛК ишиндеги артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:

- өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү;

- этти жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү;

- материалдык-техникалык жана бизнес объекттерин жакшыртуу;

- жаңы технологияларды тартуу;

- айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоо;

- айыл чарба продукциясын ташып келүү, сактоо жана кайра иштетүү;

- жогорку атаандаштык артыкчылыкка ээ болгон керектөөчү товарларды, анын ичинде тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;

- эл аралык товарларды бөлүштүрүү системаларына натыйжалуу интеграциялоо менен жаңы товарларды чыгаруу жана аларды андан ары сатуу;

- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен ӨСЛКны түзүүнүн жана иштешинин максаттарына ылайык келген иштин башка түрлөрү.

ӨСЛК түзүү өндүрүштүк линияларды чийки заттын олуттуу көлөмү жана өнүккөн инфраструктурасы бар экономикалык жактан жагымдуу чөлкөмгө жайгаштырууга, жалпысынан эл аралык рыноктордо өлкөлөрдүн рыноктук үлүшүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат иретинде:

Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы буйругу менен жактырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу