Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин министрлеринин он тогузунчу кеңешмеси өттү

Новости
29-Октябрь 2020-ж.
3480

2020-жылдын 28-октябрында Индия Республикасынын төрагалыгы астында ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерине жооп берген министрлеринин он тогузунчу кеңешмеси видеоконференция форматында болуп өттү.

Кеңешмеге КР Экономика министрлигинин атынан министрдин орун басары А.Ш.Алыбаев катышты.

Ошондой эле кеңешменин ишине Индия Республикасынын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял мырза, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика биринчи вице-министри Асет Иргалиев мырза, КЭР коммерция министринин орун басары, эл аралык соода сүйлөшүүлөрүндө КЭР өкүлүнүн орун басары Юй Цзяньхуа мырза, Пакистан Ислам Республикасынын Соода жана инвестиция боюнча кеңешчиси (TBC) Абдул Разак Давуд мырза, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Владимир Ильичев мырза, Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмонзода Абдурахмон мырза, Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Азиз Воитов мырза катышты.

Кеңешмеге ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов мырза, ШКУ Ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү, Индиядагы ШКУнун Улуттук бөлүмүнүн төрагасы Шив Кхемка жана ШКУ Ишкерлер кеңешинин жооптуу катчысы Сергей Канавский катышты.

Конструктивдүү жана достук маанайда өткөн кеңешменин жүрүшүндө тараптар регионалдык экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири маселелерди карашты, анын ичинде ШКУ мейкиндигиндеги соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты.

Делегациялардын башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин Көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2025-жылдарга карата Иш-аракеттер планынын долбоорун жактырышты жана ШКУнун Катчылыгына ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин (Премьер-министрлер Кеңешинин) жакынкы отурумунда бекитүү үчүн тийиштүү тартипте сунуш кылуу үчүн Иш-аракеттер планынын долбоорун сунуш кылышты.

Ошондой эле, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Санарип доорунда алыскы жана айылдык аймактарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу Концепциясынын долбоору ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында (2020-жылдын 10-ноябры) бекитүү үчүн өз убагында киргизүү үчүн ШКУнун Катчылыгына сунушталды.

Тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин алыскы аймактарын өнүктүрүү тармагындагы (иш-аракеттер планы) чечимдерди банкты толтуруу боюнча дискуссияны улантууну макулдашышты.

Делегациялардын башчылары соода жана инвестиция, транспорт жана логистика, туризм, айыл чарбасы жана өнөр жай, энергетика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, мейкиндикти өнүктүрүү, илим, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактардагы кызматташтыктын актуалдуулугун белгилешип, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты. 

Министрлердин кеңешмесинин жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары тарабынан Протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу