2015-жыл
5166

2015-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2015-жылдын 14-мартында Ашхабад шаарында (Туркменистан) Өкмѳттѳр аралык кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын 1-жыйыны Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.Маматалиевдин жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары М.Артыковдун төрагалыгынын алдында ѳттү. Комиссиянын жыйынын жүрүшүндө Тараптар экономика, соода, отун-энергетикалык комплекс, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, айыл чарба, транспорт, маданият, маалымат, туризм, кинематография тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерди кабыл алышты. 

Кыргыз-түркмөн комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 16-17-мартында Нью-Дели шаарында Өкмѳттѳр аралык кыргыз-индиялык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 7-жыйыны Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри К.Турдубаевдин жана   Индия Республикасынын соода жана өнөр жай министри Нирмала Ситараман айымдын төрагалыгынын алдында ѳттү. Тараптар эки тараптуу соода жана инвестициялардын абалын карап чыгып, соода-экономикалык жана инвестициялык, айыл чарба, саламаттык сактоо, энергетика, курулуш, инфраструктура,  стандартташтыруу, метрология, билим берүү, маданият, маалымат, массалык коммуникациялар ж.б. тармактарда кызматташуунун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 

Кыргыз-индиялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 28-апрелинде Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиева жана Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азыктүлүк министри Л.Заяцтин төрагалыгынын алдында кыргыз-белорус Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 5-жыйыны ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө  Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун абалын жана перспективаларын талкуулап, «Беларусь – Кыргызстан» ишкер кызматташуу кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча макулдашышты. Айыл чарба, саламатытк сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, илим, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, ишкердикти колдоо тармактарындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. 

Кыргыз-белорус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 8-июнунда Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.Дилдин жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Е.Григориевдин төрагалыгынын алдында Биргелешкен кыргыз-санкт-петербург Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын 7-жыйыны ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө энергетика, билим берүү, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, геология,   айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү, маданият, туризм жана башка кызматташуунун маселелери каралды.

Комиссиянын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 13-14-июлунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-поляк экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 4-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.Панкратовдун жана поляк тарабынан Польша Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Дыханын төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун чегинде Тараптар эки жактуу кызматташуунун эң эле актуалдуу болгон кийинки чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты, бул экономика, финансылар, ишкердик, техникалык жөнгө салуу, транспорт, айыл чарба, туризм, экологичлык жана техникалык коопсуздук, геология, тоо кен өндүрүү ж.б. 

Кыргыз-поляк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун 8-отуруму кыргыз тараптын төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.Панкратовдун жана кытай тараптын төрагасы КЭР Синьцзян-Уйгур Автономиялуу Районунун элдик өкмөттүн төрагасынын орун басары Ши Дагандын төрагалыгынын алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Тараптар соода-экномикалык, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, каржы ж.б. тармактарындагы кызматташуу боюнча келишимдерди кабыл алышты. 

Кыргыз-СУАР комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 22-23-октябрында Душанбе шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 14-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.Маматалиевдин жана Таджикистан Республикасынын Премьер-министринин оурн басары А.Иброхимдин төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун абалы жана перспективалары боюнча маселелер каралып, энергетика, өнөр жай, суу ресурстарын рационалдуу колдонуу, транспорт, илим, билим берүү, айлана чөйрөнү коргоо, социалдык өнүгүү, маданият, спорт ж.б. тармактардагы маселелер талкууланды. 

Кыргыз-таджик комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 27-ноябрында Пекин шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 11-отуруму өткөрүлдү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри А.Карашев, кытай бөлүгүн Кытай Эл Республикасынын Соода министринин орун басары, эл аралык соода сүйлөөшүүлөр боюнча өкүлү Чжун Шань башкарышты. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин соода, экономика, инвестиция, энергетика, транспорт, айыл чарба жана банк тармактарында кызматташууну мындан ары активдештирүү маселелери талкууланды. 

Кыргыз-кытай комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

_____________________

2015-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 18-отуруму өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө отун-энергетикалык комплекс, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, миграция, нефть жана газ тармактарында, бажы жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды. Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-2017-жж. Экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планын кабыл алышты. 

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу