Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 11-жыйыны эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы этабына негиз түздү

Новости
13-Февраль 2024-ж.
1215

2024-жылдын 9-февралында Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Түркия Республикасынын  Вице-Президенти  Жевдет Йылмаздын жетекчилиги астында соода-эконгомикалык кыргыз-түрк биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү.

Татаал геосаясий жана экологиялык чакырыктардын фонунда эки тарап эки тараптуу мамилелердин жемиштүү жана үзүрлүү динамикасын белгилешти.

Экономикалык өсүш жана түрдүү тармактарда кызматташуунун бекемделиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишенимдин жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинен кабар берет.

Эки элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлордун жана демилгелердин келечегин талкуулоо маанилүү кадам болду. Климаттын өзгөрүшүн жана эки өлкөнүн керектөөлөрүн эске алуу менен суу ресурстары, энергетика жана айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Жыйын өзүнө соода жана инвестиция, банк иши, финансы, өнөр жай, энергетика, билим берүү, маалымат технологиялары, саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтар, миграция, маданият жана туризмт өңдүү 62 пунктту камтыган иш-аракеттердин планы жана корутунду Протоколго кол коюу менен аяктады.

Мындан тышкары, Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен  Түркиянын экспортчулар ассамблеясы (TЭА) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул эки тараптуу соода алакаларына кошумча түрткү берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу