Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы “Кыргызстан - КЭР СУАР” координациялык тобунун 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду

Новости
19-Апрель 2019-ж.
5250

2019-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы “Кыргызстан – КЭР СУАР” координациялык тобунун (Мындан ары – Координациялык топ) онунчу жыйыны болду.

Координациялык топтун кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов, кытай бөлүгүн КЭР Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Чжао Цин жетектеген.

Координациялык топтун жыйынына кыргыз жана кытай Координациялык тобунун мүчөлөрү катышты.

Күн тартибинин мазмуну:

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы “Кыргызстан - КЭР СУАР” координациялык тобунун тогузунчу жыйынынын Протоколун ишке ашыруунун жыйынтыктары.

Тараптар соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба, билим берүү, медициналык жана башка тармактарда эки тараптуу практикалык кызматташтыкты алдыга жылдыруудагы Координациялык топтун ишин жогору баалашты, ошондой эле Тараптар 9-отурум өткөрүлгөн убакыттан тартып Координациялык топтун кызматташуусунун алга жылышына тийиштүү тастыктоо беришти. Тараптар эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүн мындан ары да улантуу жана тереңдетүү, ар кандай тармактарда кызматташуунун активдүү өнүгүүсүн бирге алдыга жылдырууга макулдугун билдиришти.

10-жыйындын жетишилген макулдашуулары:

Тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия экономикалык биримдигинин “Бир жол-бир алкак” жана  алкагында кызматташууну улантууга макулдугун беришти. 

Тараптар “Бир жол-бир алкак” жана ЕАЭБ демилгесин активдүү алдыга жылдыруу, саясий координациялоо, инфраструктураны бириктирүү, тоскоолдуксуз соода, финансы жана гуманитардык байланыштарды белгилөө боюнча кызматташуу ниетин биргеликте алга жылдыруу; соодада жана инвестицияда либералдаштырууну жана жагымдуулукту андан ары тереңдетүү, “биргелешип талкуулоо, биргелешкен курулуш жана биргелешип пайдалануу” концепциясын кармап калуу; кызматташууну бекемдөө жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы платформасын биргеликте түзүү.

Кыргыз тарап Кытай компанияларына пайдалуу кендерди чалгындоо жана казып алуу боюнча конкурстарга жана аукциондорго катышууну, ошондой эле тармактар аралык кызматташтыкты бекемдөөнү сунуш кылат.

Тараптар тармактык ведомстволордун ортосундагы байланыш механизмин түзүүнү, стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана аккредитациялоо, инспекциялоо жана карантин ж. б. тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү караштырышат.

Илим жана технология чөйрөсүндө кызматташууну илгерилетүү. Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдө кызматташуунун потенциалын аныктоо, кадрлар менен алмашууну бекемдөө, Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн техникалык тармакта практикалык кызматташууну ишке ашыруу.

Тараптар Кыргызстан жана Кытай өлкөлөрү туристтик саякаттар үчүн деген идеяны активдүү алдыга жылдырышат, өз өлкөлөрүнүн туристтик потенциалына таянуу менен туристтик уюмдар аркылуу кызматташууну бекемдешет, туристтик ресурстарды активдүү презентациялап жана туристтик кызмат көрсөтүүлөр аркылуу сооданы илгерилетишет. 

Тараптар Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы “Кыргызстан - КЭР СУАР” Координациялык тобунун кезектеги 11 – жыйынын КЭР СУАР, Үрүмчү шаарында өткөрүүнү макылдашышты, Координациялык топтун жыйынын өткөрүүнүн так мөөнөтүн Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашмакчы.

Ушул Протоколго соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиясынын “Кыргызстан – КЭР СУАР” Координациялык тобунун кыргыз жана кытай бөлүгүнүн төрагалары: КР Экономика министри О. Панкратов жана КЭР Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Чжао Цин кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу