Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында катышуучу жана байкоочу өлкөлөрдүн интеграциясы өзүнүн өнүгүшүнө жаңы кошумча импульска ээ болот

Новости
11-Май 2023-ж.
677

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушууда билдирди.


Тараптар азыркы учурда ТМУнун ишмердүүлүгү саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири спектрин камтып жатканын, анын ичинде экономикалык кызматташтык дагы айкын контурларга ээ болуп жатканы тууралуу сөз кылышты.


Тараптар Түрк инвестициялык фондунун ишмердүүлүгүн баштоо маселелерин талкуулашты, анын түзүлүшү TМУ алкагындагы экономикалык кызматташтыктын маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп калды. Тараптар фонддун ишмердүүлүгү аймактык экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу TМУ мейкиндигинде экономикалык кызматташтыкты өркүндөтөөрүн баса белгилешти.


Тараптар ошондой эле 2023-жылдын 16-мартында Стамбул шаарында TМУ мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын алкагында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши боюнча чараларды көрүү маанилүү экендигин айтышты.


Баш катчы К.Өмүралиев ТМУнун алдыдагы иш пландары, Кыргыз Республикасында ТМУ алкагында бизнес-форумду өткөрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле “Digital TIR” пилоттук долбоору тууралуу айтып, Кыргыз Республикасынын бул долбоорго кошулуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Министр Д.Амангелдиев ТМУ 9-саммитинде (2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында) кабыл алынган Соодага көмөктөшүү стратегиясынын алкагында түзүлгөн ТМУ Соодага көмөктөшүү комитетинин иш-чараларына активдүү катышууга даяр экендигин билдирди. Министр ошондой эле Жашыл каржылоо боюнча Түрк Кеңешин түзүү маселесине токтолду, анын ишмердүүлүгү сунуш берүүчү жана кеңеш берүүчү болушу керек.


Жалпысынан Тараптар ТМУ саммиттеринин Самарканд жана Стамбул декларацияларынын жоболорунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө макулдашты жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында мындан ары да натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу