Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Нур-Султан шаарына келди.

Новости
02-Март 2021-ж.
3273

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Нур-Султан шаарына келди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын алкагында бүгүн, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков делегациянын курамында Казакстан Республикасына келди.

Мамлекеттик сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулайт.

Ошондой эле, мамлекет башчы Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламент Мажлисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Казакстандын бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландаштырылууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу