КР Министрлер Кабинети менен КЭР Өкмөтүнүн ортосунда 2023-2027-жылдарга Чек ара кызматташтыгы программасына кол коюлду

Новости
25-Октябрь 2023-ж.
1292

2023-жылдын 25-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана  Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин  төрагасынын орун басары Цун Лян мырза Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга Чек ара кызматташтыгы программасына кол койду. 

Маалымат иретинде:

Программанын максаты Кыргыз Республикасы менен Кытайдын чектеш аймактарын комплекстүү жана координацияланган өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана “Бир алкак жана бир жол” биргелешкен курулушунун алкагында бардык чөйрөлөрдө ишкердик кызматташууну чыңдоо болуп саналат.

Чек ара аймактарына төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасы: Ак-Суу району жана Жети-Өгүз району (Ысык-Көл облусу), Ат-Башы району (Нарын облусу), Алай району жана Кара-Кулжа району (Ош облусу);

Кытай: Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык району (СУАР) (анын ичинде Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусу).

Кызматташтыктын багыттары: соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, транзиттик жүк ташууларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу, эл аралык почта байланышы жана өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу, бажы кызматташтыгы, айыл чарба тармагындагы кызматташтык, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайындагы кызматташтык, энергетика тармагындагы кызматташтык, туризм боюнча кызматташуу, каржылык кызматташтык.

Программа ошондой эле төмөнкүдөй багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана кеңейтүү боюнча чараларды көрөт: экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү; инновациялык ишмердүүлүк; илим жана билим берүү; маданият; дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты; жаңы тармактар (маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар); транспорт жана байланыш; чек ара кызматташтыгы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу